Түптө мыйзамсыз жеке менчикке берилген 100 гектар кайрак айдоо жерлери мамлекетке кайтарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген 100 гектар кайрак айдоо жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын мыйзамсыз токтомдорунун негизинде 100 гектар кайрак айдоо жерлери 4 дыйкан чарбасына жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура жогоруда аталган токтомдорду жана жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар менен кайрылып, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Натыйжада прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 37 млн 995 миң сомду түзгөн жогорудагы 100 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️