Түптө Баткен окуясында каза болгон 3 жоокердин жакындары төш белги менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда Баткен окуясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 25 жыл мурун болгон Баткен коогалаңына 92 жоокер катышкан. Алардын ичинен 3 жоокер каза болгон. Аларга арналган эстеликтин жанында эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, маркумдарга куран окулуп, асманга ок атуу менен эскерилди.

Иш-чарага Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дүйшебаева, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мирбек Баркалбасов, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Канат Курманалиев, Баткен окуясынын ардагерлеринин райондогу төрагасы Канат Конкуев, райондук аскер комиссариаты, айыл өкмөт башчылары жана башкалар катышты. Айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн аймагында жашаган Баткен окуясынын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырды.

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 21-октябрдагы тескемесине ылайык, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн курман болгон жоокерлердин жакындары сыйланды.

Алар:

Пример HTML-страницы

1. Эржан Мамыркановдун апасы Кекилик Адырбаева «Кадырлуу эмгек каарманы» төш белгиси;

2. Аваз Дүйшөбаевдин апасы Дубанаева Жаңыл Амановна «Кадырлуу эмгек каарманы» төш белгиси;

3. Бархат Сексембаевдин бир тууган эжеси Сексембаева Сонун Жапаровна «Кадырлуу эмгек каарманы» төш белгиси менен сыйланды.

Баткен окуясынын катышуучуларына ысык тамак уюштурулуп, концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️