Түптүн Тогуз-Булак айылында 134,5 млн сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектеп ачылды.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, район акими, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Ж.Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2022-жылдын август айында башталып, республикалык бюджеттен 134 млн 520 миң сом сарпталды.

Эки кабаттуу мектепте спорт зал, ашкана, актовый зал бар. Мындан сырткары класстык бөлмөлөр эмеректер менен жабдылды.

Аталган мектептин директору Нурзат Сариеванын айтымында, буга чейин окуучулар 2 корпустан турган имаратта билим алып келишкен. Анын бири авариялык абалда болуп, коопсуздук маселеси коркунуч жаратчу.

Пример HTML-страницы

«Быйылкы окуу жылы 0-классты кошкондо 305 окуучу билим алып, мектепте 26 мугалим эмгектенет. Мектептин жабдууларына республикалык бюджеттен сырткары жергиликтүү демөөрчүлөр да колдоо көргөздү.

Жылуулук тутуму от жагуу жолу менен жылыйт. Ашканага керектүү бардык эмеректер бар. Буга чейинки билим берип келген мектептин 2-корпусу кайрадан реконструкцияланып, бала бакча катары ишке берилет», — деди Н.Сариева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️