Түптүк жаш ветеринар Эламан Дайырбеков бир операцияны канча сомго жасайт?

TurmushТүп районуна караштуу Ак-Булуӊ айылынын 22 жаштагы тургуну Эламан Дайырбеков ветеринар болуп иштеп жатат. Ал эки жылдын аралыгында 100гө жакын операция жасаганын аймактык кабарчыга билдирди.

Эламан Дайырбеков 1999-жылы төрөлгөн. Мектепте 9-классты аяктагандан кийин Ак-Булуӊ айылындагы айыл чарба техникумуна ветеринардык бөлүмгө тапшырып, 4 жыл билим алган.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Апам айылыбыздагы айыл чарба техникумунда эмгектенет, атам айыл чарба менен алектенет. Мен жалгыз уул болгондуктан ата-энемди багышым керек. Ошондуктан айылда жашап, киреше табуу максатында 9-класстын базасы менен техникумга тапшырдым. Алгач мал доктурлук кесипке кызыккан жокмун, 2-курста практикалык сабактар башталганда Каракол шаарынан хирургиялык иш тажрыйбаны көрүп, кызыгуум пайда болду. Окууну аяктагандан кийин өз алдымча, кээде кесиптештерим менен чогуу үйдөгү мал-жандыктарга, жан-жаныбарларга кам көрдүм», — деди ал.

Жаш ветеринар алгачкы жолу жасаган операциясы тууралуу айтып берди.

«Эӊ алгачкы жолу өз алдымча үйдөгү көк мээ болгон койдун башына операция жасадым. Андан көп өтпөй короодогу ургаачы иттин жатынына операция жасап, энелик жумурткасын алып салдым. Бул процесс ийгиликтүү болуп, андан кийин жумушумду улантып кеттим.

Операция учурунда малдын көлөмүнө, салмагына жараша наркоз берип, кайнатылган таза жабдыктарды колдонобуз. Көбүнчө тууй албай жаткан кунаажынга, ичинен музоосу өлүп, шишип кеткен уйларга, жылыларга жана ошондой эле киндигинен грыжа болгон ит-мышыктарга операция жасалат. Хирургиялык процесс алдында мал ээси менен макулдашабыз. Анткени 50% гана кепилдик бере алабыз. Ошентсе да, иштеп баштагандан тарта көк мээ болгон 50 койдун 30у, операция жолу менен тууган 30дан ашык уйдан 26 баш, грыжа болгон 15 уйдан 14ү тирүү калды. Бардыгын кошкондо 100дөн ашуун жаныбарга оор жана жеӊил операция жасалды», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Эламан Дайырбековдун айтымында, 2022-жылдын башталышы менен ондон ашык операция жасады. Ал эми эмгеги опреациясынын түрүнө жараша бааланат.

«Нигизги маянабыз эмгектин түрүнө жараша бааланат. Мисалы, «кесарево» кылганга 5 миӊ сом болсо, койлордун башына жасалчу операцияга 700 сом акы алынат. Иш тажрыйбамда эӊ узак операция 6 саатка созулса, эӊ кыскасы жарым саат болгон. Эгерде чет мамлекеттегидей жан-жаныбарлар үчүн УЗИ, рентген өӊдүү аппараттар болсо, ветеринарлар ооруну эрте аныктап, так диогноз кое алмакпыз. Мындай шартта малды сактап калууга мүмкүнчүлүк көп болмок. Алдыда клиника ачып, команда топтоп, бул тармакты өнүктүрөйүн деген максатым бар», — деди ал.

Эламан Дайырбеков үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

  • Көк мээ — малдын (көбүнчө койдун), кээде кишинин инвазиялуу ылаңы, oopycy. Көбүнчө 2 жашка чейинки жаш мал ылаңдайт. Гельминт ит, карышкыр, чөө, кээде түлкүнүн ичегисинде мителейт. Булар бөлүп чыгарган мультицепс жумурткасын кой, эчки жана башкалар тоют менен кошо жеп, алар малдын ичегисинде личинкага айланып, канга өтөт, кан аркылуу мээге жетип, өөрчүп, ыйлаакча пайда кылат.

  • Дарт 4 стадияда өтөт. 1-стадияда (16 күн) ылаңдын белгиси байкалбайт. 2-стадияда кой чочулап үркүп, булчуңдары тырышып, бир орунда тегерене берет. Айрым козулар өлөт. 3-стадия 2,5-8 ай созулат. 4-стадиясында (2-3 жума) ылаңдын клиникалык белгилери күчөп, мал арыктап өлөт. Дарылоо операция жолу менен жүргүзүлөт.

Буга чейин Түп районунун Күрмөнтү айылында 2 баштуу музоо операция жолу менен туулганы маалымдалган. Операцияны 2 ветеринар жасаган. Анын бири — Эламан Дайырбеков.

Эскертүү: Сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️