Пример HTML-страницы

Түптүк мугалим К.Шоруков мектептин 10 чакырым алыстыгына карабай ат менен барып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылынын 58 жаштагы тургуну Кеңешбек Шоруков мектептин 10 чакырым алыстыгына карабай, ат менен барып келет.

Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылында жайгашкан Д.Бейшенов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде математика сабагынан окуучуларга билим берет. Аталган мектепте иштегенине жалпы 33 жылдын жүзү болуп отурат.

«Мен Каракол шаарында жайгашкан Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин прикладдык математика факультеттин аяктагам. Бул кесипти мектепте окуп жүргөн кезде эле тандагам. Бала кезден мугалим болом деп кыялданчумун. Окуучуларга терең билим берүү менен окууга болгон кызыгуусун арттырууга аракетимди жумшайм. Мектеп биздин айылдан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ат менен күндө барып келип иштейм. “Окуучуларым мени күтүп жатат” деп, суук аба ырайында да калбайм. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, мен да бир жерден агарып-көгөрүп келе жатам», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөсү тууралуу сөз кылды.

«Жубайым экөөбүз 2 уул жана 2 кызды тарбиялап-өстүрдүк. Улуу кызым менин жолумду жолдоп, Бишкек шаарындагы №96 орто мектебинде орус тилинен мугалим болуп эмгектенет. Экинчи кызым И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинин фармация факультетин артыкчылык диплому менен аяктады. Тун уулум Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде прокурор-криминалист адистиги боюнча билим алды. Кичүү балам И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жеңил өнөр жай багытында билим алууда. Жубайым кесиби боюнча акушер-гинеколог, учурда ардактуу эс алууда. Буюрса биз да уул үйлөп, небере жытын жыттап, дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрсөк дейбиз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Кеңешбек Шоруков облус, район жана айыл өкмөттөрдүн ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE