Түп районундагы айылда 100 орундуу бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Михайловка айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, «Сары-Көл-Баластан» атындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 78 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Акча курулушка жана ички эмеректерге сарпталды. Мекемеде 25 орундан 4 тайпага бөбөктөр кабыл алынат.

Ысык-Көл айыл аймагынын башчысы Урмат Бозгунов бул бала бакчада азырынча кезек кетүү жок экенин кабарлады.

«Бул учурга чейин Михайловка айылындагы жеткинчектер 1933-жылы курулган эски оорукананын имаратынан тарбия алып келишкен. Абалы өтө эски болгондуктан, жаңы бала бакча курук муктаждыгы келип жаралган. Быйылкы окуу жылынын башталышы менен жаңы мекеме ишке кирип, айылдагы 100 орунду камтууга мүмкүнчүлүк болду», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️