Пример HTML-страницы

Түндө 3 киши өлтүрүлгөн үй (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-майда Айтматов районунун Ак-Башат айылындагы кашарда жаш келин 2 баласы менен өлтүрүлдү. Кылмышты келиндин кайын агасы Н.К. жасаганы кабарланды. Ал тоого качып кеткенден кийин кармоо учурунда милиционерлер тарабынан жок кылынды.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, 3 адамды өлтүрүүгө шектелген кайын ага кылмыш болгон үйдө жалгыз жашап жүргөн. Маркум келин Мадина кашарга балдары менен бир нече күн мурда эле келген. Үйгө тиричилик буюмдарын ала келишкен. Алар мурда бул жерде кайын энеси менен жашашчу. Түн ортосуна жакын Мадинанын күйөөсү талаа иштери бүтүрүү үчүн кеткен. Анын агасы ошол учурда кылмышты жасаган.

Маркум келиндин күйөөсү 7 бир тууган болгон. Кылмышка барган кайын агасы алардын улуусу болчу. Ал 2018-жылы да үчүнчү иниси менен бак тигилген 3 гектар жерди талашып, аны өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок максаты ишке ашпай калып, өзү камалган. Ал эми Мадинанын жолдошу анын төртүнчү иниси болгон.

Н.К. жазасын өтөөдөн бошотулуп келгенден кийин кашарда жалган жашап жүргөн. Ал кашарга төртүнчү иниси аял жана балдары менен келгенден кийин жогоруда аталган кылмышты жасаган.

———————————————————————

Ал эми ИИМдин маалыматына караганда, бүгүн, 24-майда түндө Айтматов районунун Ак-Башат айылында 2 баласы менен кошо өлтүрүлгөн келиндин өлүмүнүн айрым жагдайлары аныкталды.

Маалыматка караганда, өз убагында бир туугандар К.Н. менен К.М.нын ортосунда мүлк талашып чыр болгон. Бул чырдын натыйжасында 2018-жылы кылмышка шектүү К.Н. бир тууган иниси К.М.га бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок көздөгөн аракети ишке ашпай калган. Бул факт боюнча ошол эле жылдын март айында К.Н. (1976-жылы туулган) Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен Н.К.га пробациялык көзөмөл колдонулуп, өтүлүп бүтө элек жазасынан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Н.К. 14-майда пробация органдарындагы көзөмөлү аяктаганына байланыштуу бошотулган. Бирок ал 10 күндөн кийин ушундай оор кылмышка барган.

К.Н. 23-март күнү саат болжол менен 23:00 чамасында эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. Иниси К.М. талаа жумуштары менен кетип, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 3 адамды өлтүрүүгө шектелген К.Н. кармоо учурунда жок кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE