Сүрөт — Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин Ак-Түз кандай айыл болгон?

TurmushЧүй облусуна караштуу Кемин районунун Ак-Түз айылы 1938-жылы түптөлгөн. Айыл аймагы райондун борборунан 45 чакырым, облустун борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл аймагы бир айылдан туруп, анын аянты 95,6 гектарга барат. Жалпы калктын саны 2021-жылы 827 киши деп катталган. Анын ичинен 62 пайызы эмгекке жарактуу адамдар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктүгү чектелген 26 адам катталган. Жѳлөк пул алгандар 1, жакыр үй-бүлѳлѳр 14тү түзөт.

Аймакта бир орто мектеп, бир бала бакча бар.

«Ак-Түз деп аталып калышынын себебин айтсак, биздин жердин топурагы ак чопо келет. Тузу көп. Ошол себептен Ак-Туз деп коюлган. Бирок эмнегедир кийин «у» тамгасынын ордуна «ү» коюлуп, Ак-Түз болуп калды.

Бул аймак илгери жайлоо болчу. Орустун геологдору келип, чалгындоо кылганда, биздин аймакта уран-коргошун чыккан экен. Ошентип бул кен байлык чыккан аймакка айыл түптөлгөн. Ага чейин чечендер келип, топурактан кичинекей үйлөрдү салышкан экен. 1938-жылы айыл жаӊы түптөлүп келе жатканда, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ар бир алтынчы октун коргошуну (кыты) бизден чыккан экен. Ошону менен 1991-жылга чейин Ак-Түз айылы бай жашап, өзүн-өзү каржылай алган.

Бизде маданият үйүбүз жок. Анын имараты 1994-жылы өрттөнүп кеткен. ФАП, китепкана болсо айыл өкмөттүн имаратынын ичинде жайгашкан. Айыл өкмөт мурунку бала бакча болчу. Ал бала бакчада мен дагы чоӊойгом.

Айылыбыздын өзгөчөлүгү — жаратылышы абдан кооз. Ошону менен сыймыктанабыз», — деди айыл өкмөт башчы Анвар Турдубеков.

Пример HTML-страницы

Ири мүйүздүү мал 270 баш, майда мал-жандык 967 баш, жылкы 144 баш, үй канаттууларынын саны 270. Айылдын аймагында 5 соода түйүнү ачылган.

2021-жылдын 11-апрелинде айылдык кеңешке 11 депутаттан турган жаңы курам шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️