Сүрөт — Чүйдүн погончон чүрөктөрү

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Өлкөдө бул күн тартип сакчыларынын кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Turmush басылмасы милиция кызматкерлеринин ары түйшүктүү, ары кызыктуу жана өмүрүн кошо тобокелге салган кызматы тууралуу маалымат берүүнү улантат.

Бул жолу Чүй облусунун аймактарындагы ички иштер кызматындагы айрым погончон айымдарды тааныштырабыз.

Мавлянова Асел Сайпидиновна — «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмүнүн талдоо жана ыкчам чара көрүү тобунун тескөөчүсү, милициянын капитаны. Ал 1982-жылы 21-майда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2-баланын апасы. ИММдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы атайын орто мектебине тапшырып 2002-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, лейтенант наамын алган. 2003-жылы ИИМдин генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академияга тапшырып, 2007-жылы аяктаган. Милиция кесибин мектеп курагында эле кыялданып тандаган.

Сагыналиева Асел Орозбековна — Кемин РИИБдин маалыматтык технологиялар тобунун улук тескөөчүсү, милициянын майору. Ал 1981-жылы 25-октябрда Чүй облусунун Кемин шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кыздын апасы. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Ал милиция кесибин мектеп курагында эле тандаган.

Ашималиева Рахат Кубанычбековна — Чүй РИИБдин жашы жете электектер инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын майору. Ал 1990-жылы Чүй районунда туулган. Үй-бүлөлүү, 4 кыздын апасы. 2007-2012-жылдары ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынан билим алган. Милиция кесибин атасынын кеңеши менен тандаган.

Сеитходжаева Гузаль Хамитовна — Токмок ШИИБдин КККнын жашы жете электектер инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын майору. 1986-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун апасы. ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынан билим алган.

Тулекеева Майрам Сабыркуловна — Чүй ОИИБдин башкы башкармалыгынын милициянын кайгул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкери, милициянын майору. Ал 1983-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын апасы. Ал милиционер болууну бала кезинен кыялданчу.

Абакирова Алина Жылдызовна— Ысык-Ата РИИБдин Ново-Покровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны. Ал 1993-жылы 7-майда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын апасы. 2012-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы атайын орто мектебине тапшырып, 2015-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, кенже лейтенант наамын алган. Ал милиция кесибин мектеп курагында эле тандаган.

Турабаева Ибадат Жалиловна — Чүй облусунун Жайыл РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунда 1983-жылы төрөлгөн. 2008-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

Сырманбетова Милана Осмонбековна — Чүй облусунун Сокулук РИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдык боюнча тобунун улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты. Ал 2000-жылы Талас облусунун Талас шаарында туулган. 2021-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынын юриспруденция адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ал милиция кесибин бала кезинен эле кыялданганын айтат.

Айтиева Анара Баястановна — Панфилов РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты. Ал Тажикстандын Тоолу бадахшан автономдук облусунун Мургаб районунда 1984-жылдын 24-март күнү жарыкка келген. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын энеси. Милиция кесибин өмүр бою тергөөчү болуп иштеген атасынан таасирленип тандаган. И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинен билим алып чыккан. Кийинчерээк ИИМдин генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясынан да билим алган.

Бактыбекова Үмүт Бактыбековна — Чүй облусунун Жайыл РИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдыктар тобунун улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты. Ал 2000-жылы 10-июнда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. 2019-жылы ИИМдин генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академияга тапшырган. 2023-жылы окууну артыкчылык диплому менен аяктап, лейтенант наамын алган.

***********

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️