Сүлүктүдө азык-түлүк сатылган эки дүкөндүн ээсине айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрү текшерилип, санитардык нормалар сакталбаган дүкөндөргө айып пул салынды.

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы азык-түлүк саткан дүкөндөргө пландык текшерүүлөр улантылып жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө дүкөн ээлерине санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы, талаптардын аткарылышы жана тамак-аштан уулануу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Дүкөндөрдөгү мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр сатыктан алынып, эскертүүлөр берилди. Жыйынтыгында 2 азык-түлүк саткан дүкөн ээлерине санитардык нормаларды одоно бузгандыгы үчүн 5000 жана 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Текшерүүлөр улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️