Сыноо 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сыноо — 12 бөлүм 

— Кош, аман-эсен барып кел, — дегиче тигилер чакырып калды, экөө коштошуп иймейген узун бойлуу арык кыз колун булгалай самолеттун тепкичине жетти, ал артына кылчая берип өзүн карап турган агасын көрүп кол көтөрө кирип кетти. Куматбек самолет ордунан жылып абага көтөрүлгөнчө карап туруп анан артына кайрылып Насырынбектикине келип эле кайра айылга кетти, анын капалуу кабагын, иштейм деп кетип тез эле кайра келгенин көрүп Аскер:

— Ээ баатыр, тез эле кайттыңбы? — деди.

— Ооба, иштегим келген жок, Гүлү болсо Кытайга кетти.

— Эмне дейт, Кытайга эмне бар экен? — деди Гүлүйпа.

— Иш менен кетти, анын өз максаты бар да апа, — Кабак бүркөй айтты.

Пример HTML-страницы

— Капырай, качан келет экен анан?

— Он күнгө кетти, эртең менен узаттым.

— Мейли, — деди Аскер, — Баккан эмгегибиз кайтып өзүнө тың болсо болду.

— Аман болсунчу, — деп койду Гүлүйпа.

— Ата, мен үйлөнө берсем болобу? — деп Кумат айтканда экөө тең аны жалт карашты.

— Качан? — деп жарыша айтып: «Капырай де, булар араң эле турган го, Гүлүгө барып эле айтса салса анысы дароо макул болдубу», — деген ойго кептелишти.

— Силер таап сүйлөшө бергиле, — дегенде үн дебей отуруп калышты, алар ар кандай ойго келип бирок ачык сурашпады, көптөн кийин:

— Бир чечимге келдиңби? — деди Аскер туюк гана.

— Ооба, өзүңөр тапканга макулмун.

— Жа-арайт, эмесе Канайым менен Эркайымды чакыралы, кызга сөйкө салып анан алып кирели, — деди Аскер, — Дуулаттар келээр бекен?

— Айтабыз да, — Гүлүйпа уулун карады, — Кийин өкүнүп бизге доомат кылбайсыңбы балам?

— Жок апа, күйүмдүү жар, ыймандуу келин болсо болду да чынбы? — Күлүп койду, — Башкысы силерди сыйласа болду.

— Аның туура, кийин тиги Саматтын баласындай болуп, өзүңөр алгансыңар, жашай бергиле деп басып кетпейсиңби? — Гүлүйпа күлүп калды.

— Андай болбойт.

— Анда сүйлөштүк, мен Дуулатты чакыртып ийейин, сен барып кыздарды чакырып кел, апаң алар менен кеңешип шаардан сөйкөсүн алдырып камынгыла.

— Макул, — деп Кумат эс алганы өз бөлмөсүнө кирип аскерге кетип жатканда Гүлайымдын сүрөтүн ала кетип блокнотуна салып ала жүрчү, эми ошол сүрөттү алды: «Кош менин таза сүйүүм, сен эми менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашайсың, кол жеткис аруу махабатым, кечир менин алсыздыгымды, көзүңө карап жалтандым, сүйүүнүн алдында мен эмес хандар-бектер, заардуу дөө таазим эткендей эле мен дагы алсыздык кылдым, мунум сени аяганым, чымчыктыкындай алсыз жүрөгүңдү ооруткум келбейт, сезимиңе кара так калтыргым жок, тек сени бактылуу болсо экен деп тилейм, кош бол менин армандуу сүйүүм», — деп тигиле сүрөттү карап турганда ачык эшиктен кирип келе жаткан Гүлүйпа токтоп калды да артына бурулду:

— Куму! — деди анан алыстап барып.

— Эмне болду апа?

— Бери келчи балам.

— Келдим апа.

— Атаң эшикке чакырып жатат, — деди эле ал чыгып кетти, ал чыгаары менен Гүлүйпа анын бөлмөсүнө кирип үстөл үстүндө блокноту ачылып үстүндө Гүлайымдын сүрөтү турганын көрүп кайра шашыла чыкты: «Чунак бала, кыйын жакшы көрчү эле, көрсө бир кеп бар экен да, кайра эмнеге айнып калды экен, же көңүлүн калтырып койду бекен, же бирөө менен сүйлөшкөнүн билип калдыбы», — деп ойлонуп отуруп калды. Ошондон бир жума өткөндөн кийин ал үйлөндү, Эркинбек менен Анипа кырктардан ашкан колунда бар адамдар, эки уул, бир кызы бар, Наргиза эки уулунун ортончусу, ыймандуу келин болду. Эл катары кылып калың берип сөйкө салып анан киргизишти, Кумат алгачкы күндөрдө ага жакшы мамиле кыла баштады, уул-келинин көз жаздымдан кетирбей карап турат ата-эне, анын үйлөнгөнүнө үч-төрт күн болгондо Гүлайым келип калды. Ал сырттан келе жатып эшиктин алдында жүргөн Наргизаны көрүп таңгалды, аны өзү таанычу, өзүнөн бир жыл мурун окуган болчу, аңгыча Гүлүйпа чыга калды:

— Көлөкө-өм, келдиңби садага? — деп жетип кучактап калды.

— Апа, апакем менин, мага таарынбадыңарбы? — Эне-бала өбүшүп кучакташып турганда Наргиза кирип кетти, Аскер короо жактан келди:

— Кимди көрүп турам?

— Ата-а! — Гүлайым апасынан бошонуп атасына жүгүрүп жетти, — Атакем!

— Садагам десе, аман-эсен келдиңби?

— Ооба ата, өзүңөр кандайсыздар?

— Баары жакшы кызым, — Аскер кызын далысынан ала үйгө карай басканда:

— Ата, таксиде жүгүм бар, — деп Гүлайым кайра жолго чыгып чоң сумканы көтөрүп келе жатканда үйдөн Кумат чыга калды:

— Оо ким келген ыя? — Кумат сумкасын ала коюп өзүн кучактап эки бетинен өөп үйгө басышты, — Гүлү, көрүндүктү көп бересиң го? — деди күлүп.

— Аке-е, эмнеге?

— Жеңелүү болгонсуң.

— Чы-ынбы, куттуктайм! — деп кайра агасын кучактап мойнуна асылды, — Чын эле үйлөндүңүзбү аке?

— Ооба, көрүндүгүңдү даярдай бер, — Кумат күлүмсүрөй карап үйгө киришти, Аскер менен Гүлүйпа дагы киришти, алар бири-бирин нукуй кирип келе жаткан, — Наргиза, кайынсиңдиң келди, жүгүнүп кой, — деди күлгөн бойдон.

— Жок-жок, ошо кантип болсун, кайынсиңдиге дагы жүгүнчү беле? — деп Гүлайым уялып кетти, — Кандайсыз жеңе, аке бактылуу болгула! — деп боорунда асылып жүргөн сүйрү чакан сумкасынан доллар алып сунду, — Көрүндүк.

— Келе мен алам, — Кумат күлүп колун сунду.

— Жо-ок, атама берем көрүндүктү, — Гүлайым күлүп акчаны тартып алып Аскерге сунду, — Ата, келиниңиздин көрүндүгү.

— Тим кой кызым, агаңа бере бер.

— Айтпадым беле, мага бер!

— Көрүндүктү мен алам! — деди Гүлүйпа күлүп, — Келе кызым мага бер. Баары күлүп калышты, анан Гүлайым чоң сумканы ачып белектерин алып чыкты:

— Ата, бул сизге, бул сизге апа, а бул болсо жаңы күйөө балага! — деп Куматка карап сунду, — Жеңемди билбей калдым, болбосо ага дагы алмакмын.

— Ушул дагы болот садага, кана өзүң жөнүндө айтчы? — деди Гүлүйпа, — Каргадай болуп бөтөн элге кантип кандай барып келдиң?

— Ийи, ошону айтсаң апасы, чычкандай кызымды Кытайга кетти десе эсим оободубу, — деп Аскер күлүп калды, — Кытайлар менен кантип сүйлөштүң деги?

— Ата, бул өзүнчө иш, менин милдетим алардын сүйлөшкөнүн которуп кана берүү, — Гүлайым күлүмсүрөй карады, — Эми кайра эртең эле кетем, эжемдердин балдарына буларды берип койгула, өзүм барып учурашат элем, бирок убактым жок.

— Эртең эле кетип каласыңбы? — Гүлүйпа нааразы боло карады.

— Бир-эки күн турсаң боло, — Аскер дагы кабатырлана айтты, — Бу шаарыңдын бир магнити барбы, баргандар кайра келгиси келбей калат экен.

— Ой ата-а, окушат иштейт, алар жөн жүрбөйт да, мисалы мен жакында окууга тапшырам, журналист болгум келет, азыркы ишиме тиешелүү болот, окугандын зыяны жок чыгар ата, — деди Гүлайым, — Же үйдө эле ким ала качып кетет деп жашынып отура берейинби?

— Туура кызым, окуганыңа каршы эмесмин.

— Анда сүйлөштүкпү? — Гүлайым атасынын мойнуна асыла эркелеп өөп койду, — Менин алтын атам да-а.

— Бактылуу болсоң эле болду, — деп Аскер айтканда аны Гүлүйпа аны нукуп сыртка чыгып кетишти, Кумат дагы сыртка чыгып кеткен эле:

— Жеңе, акем экөөңөр билгизбей сүйлөшүп жүргөнсүңөр го ээ? — Гүлайым Наргизага кайрылды, — Дегеле сыр билгизбейсиңер.

— Гүлү, биз капыстан эле үйлөнүп калдык.

— Койчу, кантип эле, сүйлөшкөн эмес белеңер?

— Ооба, атамдар барып сүйлөшүп сөйкө салышты, ошол…

— Бири-бириңди тааныйт белеңер?

— Мен таанычумун.

— Куму акемчи, сизди таанычу бекен?

— Ооба, бир көчөдө эле чоңойдук го.

— Кызык, сүйлөшпөй үйлөнсө болот бекен?

— Жакшы эле го, — Наргиза жылмая карады, — Сен анын кыздар менен сүйлөшкөнүн билчү белең Гүлү?

— Такыр уккан эмесмин.

— Сени жакшы көрчүмүн дейт.

— Чын элеби? — Гүлайым көздөрүн бакырайта күлүмсүрөдү.

— Ооба, үйлөнгөндөн кийин айтып жатпайбы, — Наргиза дагы күлдү.

— Куттуктайм, сүйүшкөндөргө бакыт тилейм, мен атамдарга барайын, — Гүлайым ордунан турду, — Жакшы жаткыла.

— Оой, али тамак быша элек, эми тамак ичебиз.

— Анда тигил бөлмөдө бөлөм.

— Макул, мен ашканага барайын, — Экөө ээрчише сыртка чыгып Гүлайым Аскерлердин бөлмөсүнө кирди, анан сумкасынан доллар алып атасына сунду:

— Ата, бул менин алгачкы тапканым.

— Кызым, мунуң канча?

— Миң доллар.

— Оо-оу, көп го? — Аскер күлүп калды, — Кана долларды бир төш чөнтөккө салайынчы, кандай болуп калаар экенмин.

— Өзүңө алып калдыңбы Гүлү? — деди Гүлүйпа.

— Ооба апа, өзүмө жетет.

— Садага болоюн десе.

— Эми кичине эмесмин го апа, өзүм табам.

— Ошентсе да сен бизге кичине көрүнөсүң кызым, алар ошентип сүйлөшүп отурганда Наргиза дасторкон салып тамагын алып келди, чогуу отуруп тамактанышкандан кийин Гүлайым бөлмөсүнө кирип жатып калды, эртеси эми туруп кийинип кеткенге камынып жатканда Канат келип калды, аны көрүп сыртта жүргөн Аскер утурлай басты:

— Кел-кел куда?

— Келдим, Гүлайым барбы байке?

— Эмне болду мынчалык, ал-жай сурашпай эле?

— Атам катуу ооруп калды, Бишкектеги жашаган үйгө барсам жок экен.

— Ал үйдү кайдан билесиң? — деди Аскер, анын оюна: «Бул кыз жашаган жерин айтып өзү барып жүргөн го», — деген бир күдүк кетти.

— Аны кийин айтайын, — деп босогодон чыгып келе жаткан Гүлайымды көрүп ага утурлай басты. Ошентип Аскер менен Гүлүйпанын коштоосу менен Гүлайым атасы туулуп өскөн айылга, чоң ата, чоң энесине келди. Тенти катуу эле, ар кайсыны сүйлөп, бирде эсине келип, бирде эсин жоготуп жаткан, алар келээри менен эле анын үстүнө киргизишти. Тенти акыркы сөзүн айтып эки баласына катуу дайындап анан көз жумуп кете берди. Гүлайым үн дей албай койгуча, андан кийин үчүлүк, жетилиги өткөнчө кете албады, бир жума тургандан кийин гана эптеп айтып шаарга бармак болуп чыгып кетти. Тенти балдарына дайында небересине мал калтырган эле, кокус күйөөгө чыкса себин бересиңер, шаардан жакшы үй алып бергиле деген. Айткандай эле алар ата сөзүн аткарышмак болушуп шаарга Гүлайымды издеп барып бир бөлмө үйдү жарнамадан таап алып берип үйүнө керектүүсүн даярдап берип колуна акча берип анан кетти. Гүлайым кубанып калды, ал Тимур менен сүйлөшүп калган, жалгыз жашап жүргөндө ага Гүлүйпа келип:

— Кызым, сен бул үйдө кантип жашайсың, жалгыз жашаганың болбойт, биз дагы сары санаа болобуз, — деди.

— Анан эмне кылам апа?

— Бирөөнү ал, болбосо Калыйпаныкында эле бол.

— Ма-акул апа, — деп күлүп калды Гүлайым, — Сиз айткандай эле болсун.

— Ошент садага, жалгыз жашаганың болбойт, — деп Гүлүйпа кубанып аны сиңдисиникине ээрчитип барды, Калыйпа дагы кубанып калды.

— Ырас эле болуптур, бизде деле ашкан бүлөө жок, Эрлан болсо күнү-түнү кайда жүргөнү белгисиз, бир көрүнүп коюп жок болот, Саида кеткенден бери оңкулдап калдык, — деди үшкүрө.

— Ооба десең, таежең сени бөлөксүнтпөйт кызым.

— Койчу эже, кантип бөлөксүнтөт элем, Гүлү өзү дагы башкача кыз алдыңа кетейин, экинчи эле кызымдай болуп калды.

— Ошону айтсаң.

— Апа, мен жуунуп алайын, — деп Гүлайым баняга кетти, эже-сиңди сүйлөшүп отуруп Калыйпа эжесине карады:

— Эже, мен Гүлүнү келин кылып алсам кандай болот?

— Ыя? — Гүлүйпа саамга ойлоно калып, — Эрлан билеби? — деди.

— Жо-ок, ага айта элекпиз, Насыр экөөбүз ойлонуп жатабыз.

— Бири-бирин жактырышса жакшы эле, — Гүлүйпа ага Куматбектин оюн айтып берди, — Андан көрө баягы келишинде экөөнүн урушканын же жеке сүйлөшкөнүн билдиңби?

— Жо-ок эже, андайы байкалган деле жок.

— Анда байкуш балам өзү тим болсо керек, анын ой максатына жетсин деген го, же билинбеген бойдон калсын деген го, же аяп уялды бекен?

— Билбейм эже, экөө жөн эле бир туугандай сүйлөшүп отуруп эртеси узатып коюп кеткен.

— Ошондо барып эле үйлөнөм дебедиби.

— Бирдеме деп койду бекен?

— Андай болсо бир көз карашын байкайт элек да.

— Анда эмне болду экен?

— Ошол сөз чыгарбаса керек го.

— Ошондой, — Калыйпа ийин куушуруп койду.

— Байкуш балам сөз айтууга батынбаса керек.

— Ошенткен го, мен Эрлан келсе айтайын деп жатам, оюн билели ээ эже?

— Сурап көр, көңүлү бар же жогун билесиң.

— Ошентейин, көңүлү бар болсо узатпай эле үйлөнтүп коебуз, — Калыйпа чын дилинен айтып кубанып турду, эки күн туруп Гүлүйпа үйүнө кетти, аны Гүлайым концертке алып барды, базар аралатып шакек алып берди, кийимди өзүнө тандатып, атасына дагы костюм шым алып берип, белек-бечкегин берип жөнөттү. Ошол арада Эрлан бир дагы келбеди. Калыйпа ойлонуп отуруп бир жумада келген Эрланды тилдеп отурду, Насырынбек дагы бар эле.

— Балам, деги кайда жүрөсүң, үйгө келбей калчу болдуң да?

— Келбедимби? — Эрлан жер карады.

— Эми эч жакка барбайсың, сени үйлөнтөбүз.

— Үйлөнбөйм!

— Эмнеге?

— Ошо.

— Ой бала, сен качантан бери өзүңдү-өзүң билип калдың, апаң экөөбүз сени жакшы эле болсун дейбиз да.

— Жаман болуп калыптырмынбы? — Эрлан оройлоно карады.

— Ушу жакшыбы, апаңды укпасаң, же мени укпасаң.

— Угуп жатам го, болгону үйлөнбөйм.

— Эмнеге үйлөнбөйсүң, айтчы ошону? — Насырынбек ачуулу карады.

— Чындыкты айтайынбы? — деди Эрлан мылжыя.

— Чыныңды айт.

— Ата, апа мен үйлөнүп алгам!

— Эмне-е?!

— Ыя?!

— Ошол, болгону силер макул болсоңор болду.

— Эй Насыр, балаң эмне дейт ыя?

— Уктуң го өзүң деле?

— Ай бала, эч кимге айтпай үйлөнгүдөй жетим бала белең ыя?

— Жетимдер эле айтпай үйлөнөт бекен, аны мен сүйөм, бир баласы бар!

— Ко-оку-уй! — Калыйпа алаканын шак коюп алды, — Дагы эмне дейт бу бала?

— Ооба, макул болсоңор мен Аселге гана үйлөнөм, — Эрлан үңкүйүп отуруп калды, Насырынбек ойлонуп отура берди, экөөнү алмак-салмак караган Калыйпа өзүнчө ойлонуп баласын алдамак болуп жылмайган болуп Эрландын жанына келди.

— Балам, аны кой, биз сага Гүлүнү алып берели деп жатабыз, акылдуу сулуу кыз, өзүбүзгө дагы ылайыктуу болот го садагам.

— Эмне, Гүлүнү эмне кылам мен?

— Аласың! — деди Калыйпа өктөм, дал ушул учурда Гүлайым ачык турган эшиктен баш багып келе жатып токтой калды, — Кол баладай болобу, акыл-эстүү кыз Гүлү, сен ошого гана үйлөнөсүң!

— Жок! — Эрлан өйдө болду, — Мен Аселди сүйөм, башкага убара болбогула!

— Отур! — деди Насырынбек эми гана жан киргендей, — Эгерде бир аял деп ата-энеңди кыйып кете турган болсоң биз турагыбызды түйүп беребиз.

— Мен Аселди сүйөм дедим го?

— Сүйбөйсүң, ал сенин башыңды айлантып алган тур, ал кандай неме экен өлүгүңдү көрөйүн, балалуу туруп баламдын башын айланткан, — Калыйпа ачуулу кыйкырды, — Бизди биротоло кыйып коюп кете бер анда, экинчи басып келбе.

— Мени түшүнсөңөр ата, апа мен аны өзүм сүйөм.

— Жок, сенин жаштыгыңдан пайдаланган да, — деп Калыйпа күйүп-бышып жатканда Гүлайым артына бурулду: «Эми ушулар эле калды эле, баласына алып берем деп жүргөн тура, мен буларга буюмдай көрүнөмбү, кандай менин жүрөгүм менен эсептешпейт, баласын эмес менин каалоомду билгиси келишпейби, же балама жакса эле тийип алат деп ойлошобо», — деп ойлонуп сыртка чыгып өзүнүн үйүнө кетмек болуп дарбазадан чыгайын деп калганда Эрлан чыкты, анын артынан Насырынбек менен Калыйпа дагы чыгып Гүлайымдын кетип бара жатканын көрүп:

— Эрлан, кайт артыңа! — деди Насырынбек.

— Эрлан бери бас! — Калыйпа ага удаа кыйкырды, Гүлайым басып кете албай токтоп калды, Эрлан болсо жүгүргөн бойдон кетип бара жатты, — Гүлү кирбейсиңби үйгө.

— Азыр таеже, — Аргасыз кайрылды ал.

— Кетип бара жаттың беле?

— Жо-ок, колумдагы шакегим түшүп калыптыр, издеп жаткам, — Гүлайым калп айта бери басты.

— Азыр түшүп калдыбы?

— Байкабай калыпмын, жолго чейин карап келейин дегем.

— Алтыныңбы?

— Жок, күмүш шакегим.

— Аа-а, мейли, — деп коюп аргасы кетип алда качан көрүнбөй калган Эрлан кеткен тарапты карап коюп үйгө киришти…

Эрлан ачуусу менен Ош базарынын тегерегиндеги бык-бырдай кайнаган батирлерге келди, бул заводской деп аталган эң балит, адамдар көп жайгашкан чөлкөм, бир короого эбин тапкандар узунунан беш-он бөлмө кылып үстүнө дагы бир үй кондуруп бизнес кылган эпчилдердин айлампасы, Асел мойну ак куудай койкойгон, элик шыйрак, аркар көз, бели бир тутам жүзү аппак кагаздай болгон татынакай келин, бир жигит ала качып кетип балалуу болгондон кийин кызыл камчылыгынан баласын алып баса берген. Бир жылдан бери Ош базарда соода кылат, баласы ата-энесинде, Эрлан менен таанышып калып эле экөө бири-биринен ажырагыс болгон. Эми ал үңүрөйүп кирип келди:

— Сага эмне болгон Эрлан? — деди Асел, күүгүмдө кирип келген жигитине.

— Үйгө бардым.

— Уруштубу?

— Ооба, мен айтканымдан кайтпайм да.

— Эрлан, ата-энеңди сыйлашың керек.

— Өздөрү мени түшүнбөй жатышпайбы.

— Туура, сен үйлөнө элек болсоң айтат да, мен сага ыраазымын, келин экениме карабай сүйдүң, — Асел анын ийинине башын жөлөп алып кирпик арасынан жашы тамчылай улутунуп ийди.

— Асел, сен мени сүйбөйсүңбү?

— Сүйөм, бирок сенин багыңды байлагым келбейт.

— Менин бактым сени менен гана Асел.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️