Сузактын Ак-Тоок айылындагы окуучулар элден 600дөн ашуун китеп чогултушту

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунун Ак-Тоок айылындагы окуучулар менен мугалимдер мектептин китепканасына кошумча китептерди чогултушту. Бул тууралуу мугалим Зиягүл Манапова билдирди.

Анын айтымында, жалпы 600дөн ашуун китеп топтолду.

«Айылдагы Шабданбай Абдраманов атындагы мектептин окуучулары жыл сайын республикалык масштабда уюштурулган китеп окуу сынактарына активдүү катышып келет. Мындан улам мектептин 11-классынын окуучуларынын сунушу менен айылда «Бир адамдан бир китеп» долбоорун ишке ашырдык. Анда 6 окуучу ыктярдуу түрдө айылды кыдырып, андагы жашоочуларды үйдөгү китептерден мектепке тапшырууга үндөштү. Биздин бул жасап жаткан жумушубудан кабар алган, чет жерде иштеген айылдаштар өздөрүнүн фондунан 70 миң рубль акча бөлүп беришти. Ал акчага Саякбай Каралаевдин вариянтындагы «Манас» эпосунун 4 томдук китебин, «Кыргыздар» деп аталган 40 томдук китепти жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын томдуктарын сатып алдык.

Акциянын алкагында 600дөн ашуун китеп чогулду. Эми мындан ары каалоочулар адабий көркөм чыгармаларды алып окуса болот. Буга чейин китепкананын фондунда 350дөн ашык адабий көркөм китеп бар болчу», — деди мугалим.

Сөз болуп жаткан Шабданбай Абдраманов атындагы мектепте 400дөн ашык окуучу бар. Аларга 30 мугалим билим берип келет.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️