Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Абдумуталип Нематов өздөштүргөн жерди дээрлик 20 жылдан кийин башка бирөөлөргө тарттырып жибергенин айтып чыкты. Бул тууралуу АКИpress Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Күмүш-Азиз айылынын четинде бир топ жыл мурун булак чыккан жер болгон. Эч нерсе эгилбей, куурай басып жаткан жерди өздөштүрүп алган соң жер талашка түштү.
«Айыл эли күбө, өзүм желкеме топурак ташып келип, бак тиккем. Жерди өздөштүрүү оңой эмес. 10-15 жыл дегенде мен эккен анар, курма дарактар мөмөсүн бере баштады. 2003-жылдан бери иштетип келген 43 сотыхтын 25 сотыхына ээлик кылуу үчүн кызыл китеп жасаткам. Бирок 2021-жылы А.Р. деген жигит келип, өздөштүрүп жүргөн жердин 18 сотых жерин «бул жер менин чоң атама тиешелүү» деп талашып кирди. Мен өздөштүрүүгө алганымды айтып, каршылык көрсөттүм. Менин мээнетимди билген айылдаштарым аларга түшүндүрүп, бул иш бир аз басаңдады. Көп өтпөй ал кайра жерди талашып, өздөрүн журналист экенин айткан А.С., Ж.О. деген айымдар келишти. Үйүмө келип, ызы-чуу салышты. Ырыс айыл өкмөтүнө барганда ал жерде да жаман сөздөрдү айтышты.
2021-жылы Сузак райондук соту А.Р.нын пайдасына чечкен чечим чыгарды. Мен райондук соттун бул чечимине нааразы болуп, экинчи инстанцияга кайрылдым. Жалал-Абад облустук соттук коллегиясы ишти карап чыгып, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Ошол эле 2021-жылдын 12-октябрында доогер экинчи инстанциянын чечимине нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылган. Бирок Жогорку сот да экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Ошол жерге документ жасалып кеткенине эч ким көңүл бурбай жатат. Менин да укугумдун корголуусун жогорку жактан суранам», — деди ал.
Маалым болгондой, Күмүш-Азиз айылында №153 контурдагы жер маселе боюнча сөз болуп жатат. Бул контурдагы жердин жалпы аянты 84 сотыхты түзөт. Ал жердин 26 сотых аянтына 2002-жылы А.Нематовго жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт берилген. Ошондой эле дагы 2 адамга жер участогу берилип, жалпы 38 сотых жердин мыйзамдуу ээлери бар болгон. Калган 42 сотых жерге эч кимдин укугу катталбаганы боюнча тиешелүү мекемеден маалымат да алынган.
Доогер атасы О.Р.нын № 153 контурдагы жерде турак жайга 18, короо жер катары 24, жалпы 42 сотых жери болгонун, бүгүнкү күнгө чейин атасынын наамына катталбагандыгын, жер ээси катары атасын таап берүү боюнча кайрылган. Кошунасы Нематов жол бербей жатканы белгиленет. Жоопкер катары катышкан А.Нематов 2002-жылы 26 сотых жерине бак-дарак тигүүгө берилгенин, ошол жердин айланасында кароосуз жаткан жерди да өздөштүргөнүн, жерди пайдаланууга жарактуу абалга алып келгенден кийин доогер пайда болгонун, доогердин арызын жокко чыгарууну суранган. Сузак райондук соту 2021-жылдын 26-январындагы чечиминде доогер А.Р.нын пайдасына чечип берген. Ал эми Жалал-Абад облустук сотунда 2021-жылдын июнь айындагы чечиминде доогердин менчик укугу боюнча суранычтары канааттандырылган эмес. Жогорку сот облусттук соттун чечимин күчүндө калтырган.
«18 сотых жер менчик ээси экендигин аныктоону сураган бөлүгү канааттандырылган эмес. Бирок ошол 18 сотых жерге 2021-жылы документ жасалып кеткени кызык болуп жатат. Ушул жерде маселе жатат. Райондогу жерди каттаган мекемелерден ушул боюнча көбүрөөк такталуусун суранат элек. Мамлекеттик нотариус менен Мамлекеттик каттоо кызматынан көбүрөөк сураш керек. Тиешелүү документ жасалууда Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 26-январдагы чечими негиз келтирилген. Бирок райондук соттун чечими күчүн жоготуп жатат», — деди Нематовдун жакындары.
Абдумуталип Нематов аталган 18 сотых жердин мамлекетке өтүүсүнө ыраазы экенин кошумчалады. 2021-жылы доогер катары кайрылган жаранга тиешелүү мекемелер тарабынан документ жасалган. Андан кийин ээлик кылуучу документтер Астра Сыргатаева аттуу жаранга өткөн.
Ал эми Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сузак филиалынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө талаш болуп жаткан жер башка адамдарга сатылып кеткен.
«Абдумуталип Нематовдун 1 гектар 20 сотых айыл чарба багытындагы өздөштүрлүлгөн жери бар. Мындан сырткары 12 жана 6 сотых жер тилкеси боюнча 2022-2023-жылдар аралыгында блогер кыз менен талашып, бул иш сотко чейин барып, сөз болуп жаткан жер тилкелери облустук сот жана Жогорку сот тарабынан камакка да алынган. 2024-жылы блогер кыз А.С. камакта турган жерди чыгарып келип, айыл өкмөттөн тиешелүү токтомдорун алып, мамлекеттик нотариустан тиешелүү кагаздарын даярдап келип, каттатып кетти. Менимче бүгүнкү күнү ал жер башкаларга сатылып кеткен.
Биз тараптан эч кандай мыйзам бузуучулук фактысы орун алган эмес. Эгер тараптар бизди туура эмес документ жасаган деген пикирде болсо, сот органдарына кайрылса болот », — дейт мекеменин жетекчиси Жунусали Абдыкадыров.
Сузак райондук мамлекеттик нотариус кызматы да тиешелүү документтер тиркелген үчүн күбөлүк берилгенин, мыйзамсыз кадамдар жоктугун белгилешти.
Ал эми ысымы аталып жаткан Астра Сыргатаева Нематов айтып жаткан жер тилкелерин мыйзамдуу сатып алганын айтып, аксакалдын сөздөрү чындыкка дал келбей турганын билдирди.
«Жер талашып соттошкон А.Р. менен Нематовдун ишине менин эч кандай байланышым жок. Себеби мен сөз болуп жаткан эки жер тилкесин тең ошол учурдагы Ырыс айыл өкмөтүнөн да, мага доо коюп жаткан аксакал А.Нематовдон да сатып алган эмесмин. Мага жер тилкесин саткан киши бир жылдан кийин каза болуп калган. Ошол себептүү ал жерге Нематовдун такыр тиешеси жок. Кийинчерээк аксакал мени документтерди жасалма кылган деген доо коюптур. Ал боюнча соттун 3 инстанциясы тең менин пайдама чечип берген. Аксакалдын «мени урду» деген сөзү да чындыкка дал келбейт. Үйүндө болгон ызы-чууда мен эмес, Ж.О. ал киши менен айтышкан, бирок үйүнө кирип кол көтөргөн эмес. Ал эми айыл өкмөттө кол көтөрдү дегени да калп. Себеби ошол кезде Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары мени жана Абдумуталип Нематовду иш бөлмөсүнө жарашып алуу үчүн чакырган. Мен сүйлөп жатсам аксакал сөзгө келбей, мени түртүп жибергенде колум анын бетине тийген», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.