Сузактагы тургунду жылаңач сүрөтүн жарыялайм деп коркутуп, 100 000 сом талап кылышкан. Аял киши кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда опузалап талап кылууга шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-сентябрында Сузак РИИБге 1972-жылы туулган Сузак районунун А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 21-сентябрь күнү өзүнө тааныш болгон Роза аттуу аял жылаңач сүрөттөрүн интернет булактарына жарыялайм деп коркутуп, 100 000 сом акча каражатын талап кылгандыгын айткан.

Аталган окуя Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну А.С. Бишкек—Ош унаа жолунда 1972-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан 25 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Бул факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Пример HTML-страницы

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️