Сузактагы «разборкадан» кийин сөөгү табылган Эрмекбай Шемаев. Жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында 15 күндөн кийин жансыз денеси табылган 18 жаштагы жигит массалык мушташтан улам мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн жакындары айтышууда.

Эрмекбай Шемаевдин 18 жашка толгонуна 1 ай гана болгон. Ал 2024-жылдын 26-август күнү таңкы саат 04:00 чамасында айылдашынын чакыруусу менен үйүнөн чыгып кетип, 2024-жылдын 9-сентябрында жансыз денеси табылган.

Маркумдун сөөгү табылганга чейин анын жакындарына мушташуу болгону боюнча бир да катышуучу үн каткан эмес. Качан гана маркумдун сөөгү табылганда орун алган окуя ачыктала баштаган.

26-августка караган түнү Сузак районуна караштуу Сары-Булак жана Катранкы айылынын 18-19 жаш курактагы балдар өз ара маселелерин чечип алуу үчүн чогулушат. Шектүү катары кармалган Катранкы айылынын тургуну Кара-Булак, Таран-Базар айылындагы досторун да чакырат. Анда Таран-Базар айылындагы тургун түнү Эрмекбайды ойготуп, «Портер» унаасына салып алып кетет.

4 айылдан болжол менен 30дан ашуун балдар топтолгон ээн талаада мушташ орун алып, балдар ар тарапка качып тарап кетишет. Бул окуяда Эрмекбай Шемаев каза болуп калат. Маркумдун сөөгү табылган алыс эмес жерден анын канга боёлгон спорттук кийиминен улам жакындары Эрмекбайды «мушташта атайылап зомбулук менен өлтүрүлүп, жарга ташталган» деген күмөндүү ойду карманып жатышат.

Пример HTML-страницы

Маркумдун жакындарынын бири Мелис Шеркуловдун айтымында, Эрмекбайды 26-августан баштап эле издеп башташкан.

«Эрмекбай айылда чөп чаап келип эле уктаган. Түнү ушул айылдын тургуну аны уктап жаткан жеринен телефон чалып, сыртка чакырат. “Эртең менен саат 06:00дө чөпкө чыгышыбыз керек” десе, “ушинтип чоңоёсуңар” деп болбой, “Портер” унаасына салып кетиптир. Ал мушташка Эрмекбайдын Таран-Базардагы айылдаш достору барган эмес. Катранкы менен Кара-Булак айылынын балдарынын “разборкасы” болот.

Эгер өзүнүн достору болгондо эртеси табылмак. 26-августка караган түнү саат 04:00гө жакын WhatsApp тиркемесине кирген бойдон жанбаган. Эжем адегенде өзү издеп, анан бизге айтты. Мушташка алып кеткен адамдан тагам (таяке) Эрмекбайды сураса, “май куюучу жайдан бир көрдүм эле” деп жооп берип койгон.

Туугандар баарыбыз келип, издеп баштадык. Мушташ болгону тууралуу да сөз болгон жок, билген да жокпуз. Москвада жүргөн досторунун биринин байланыш номуру апамдарда болгон, ошондон сурай беришкен. Ал мушташ болгону тууралуу имиш укканын билдирет. Балдардан сураштыра баштадык, мушташка катышкан балдардын бири WhatsApp аркылуу Катранкы айылынан барган балдардын бири жардан кулап кеткенин, сураштырыш керектигин айткан.

Алардын бири да издегенге аракет кылган эмес. Өзүбүз издеп сураштырып жатып, баланын жансыз денесин жар түбүнөн таап алдык. Жерине милиция кызматкерлери келип, сөөгүн алып кеттик. “Мушташта байкабай жардан кулап кеткен” деген сөздөр айтыла баштады. Эмнегедир биздин көңүлүбүз анын спорттук кийимине бурула берди. Жардан эптеп кийимин алдырттык, кийими канга боёлгон. Өзү качып баратып түшүп кетсе, кийими таза болуш керек эле да. Ошол үчүн биз баланы чаап сындырышып, анан жарга ыргытып жиберишкен деп жатабыз. Мыйзам чегинде 3 эле бала эмес, андан улуулары да кармалышы керек», — дейт ал.

Туугандарды ачууланткан жай 15 күнгө чейин мушташ болгону тууралуу биринин да үн катпаганы, Эрмекти үйүнөн алып чыгып кеткен айылдашынын аны издебегени, ал боюнча таякесине же апасына кабар бербегени болууда.

Эрмекбай Шемаевдин атасы 4 жашында каза болуп калган. Эки бир тууган уулдардын улуусу болгон. Апасы Парзада Калмурзаевага жардам берип, убактылуу кара жумуш жасап жүрчү.

Эжеси Токтокан Шемаева мушташты жашырып жүргөндөр жазалануусу керек деп эсептейт.

«Аны издеп канча кыйналдык. Ошол мушташка алып баргандар, чакыргандар үндөбөй жүрүп, баланын сөөгүн кыйнашты. Уруштун эртеси айтып коюшса, балким тирүү таап алат белек. Эми сөөгү табылганда элчи болуп, ар кимди ортого салып жатышат. Мыйзам чегинде катуу жаза колдонулсун», — дейт ал.

Бул кылмышка шектүү катары 3 адам кармалган. Жакындары кылмыш иштин беренелерин оор беренеге алмаштыруу керектигин да белгилеп, өлкө башчы С.Жапаровдон, УКМК башчысы К.Ташиевден көзөмөлгө алынуусун суранып жатышат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары — 2006-жылы туулган Д.Б. жана К.Ж., 2007-жылы туулган К.Ч. суракка алынган. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин (он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги) жана 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Сузак райондук соту тарабынан камакка алынды.

Анын өлүмүнө 2 айылдагы балдардын массалык мушташуусу себеп болгону айтылган. Таран-Базар жана Катраңкы айылдарынан балдар чогулуп, ортодо мушташ орун алып, анын аягы өлүм менен аяктаган.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 3-сентябрь күнү Сузак РИИБге Сузак районунун Бек-Абад айылынын 1979-жылы туулган тургуну П.К. арыз менен кайрылган. Ал 27-август күнү Таран-Базар айылында жашаган акесинин үйүнөн 2006-жылы туулган уулу Э.Ш. көчөгө чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген. Аны табуу максатында тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

9-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Сузак районунун Кара-Алма айылынынын кире бериш жериндеги бүркүттүн эстелигинин ылдый жагындагы жардан 20-25 жаштар чамасындагы жигиттин жансыз денеси табылган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ал 2006-жылы туулган Э.Ш. экени аныкталган. Анын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 10-сентябрь күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (коркунучта калтыруу) менен кылмыш иш козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Сузак районунун 2007-жылы туулган тургуну К.Ч., 2006-жылы туулган тургундары Д.Б. жана К.Ж. суракка алынып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган кылмыш иш Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана Сузак райондук соту тарабынан көзөмөлгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️