Сузактагы оорукананын курулушу 5 жылга созулду. Имарат үчүн 58 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын курулушунун кечеңдеши дарыгерлерге ыңгайсыздык жаратып жатат. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу 2019-жылы башталып, 5 жылдан бери район калкы Бек-Абад айылындагы бөлүмгө каттоого мажбур болууда. Долбоор боюнча ушул жылдын май айында пайдаланууга берилиши керек болгон 40 орундуу имараттын курулушу бүгүнкү күндө 85-90%га аяктады.

«Сузак аймактык ооруканасынын 25 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1963-жылы ачылган. 1999-2000-жылдар аралыгында Сузак районунда орун алган ири сел кырсыктарында бөлүмдү 2-3 жолу кыян каптап, авариялык абалга келтирген. Мындан улам 2019-жылы кайрылуу жолдоп, колдоо таап, ошол жылы жаңы 40 орундуу имараттын курулушу башталган. Ошол кезде бөлүмдү Бек-Абаддагы филиалга жылдырып, 4 жылдан бери бейтаптар Бек-Абадга каттап жатышат.

Ал эми жаңы имараттын сметалык баасы 67 млн 919 миң 817 сом деп бааланып, тендерден «Масыайылкурулуш» жабык акционердик коому 52 млн 029 миң 937 сомго утуп алып, ишти баштаган. Арада курулуш иштери токтотулуп, кийинчерээк каржы толук чечилген. Долбоордо имарат ушул жылдын май айында пайдаланууга берилиши керек болчу. Бирок бүгүнкү күндө да курулуш иштери аягына чыга элек. Мындай көрүнүш бейтаптар, ак халатчандар үчүн ыңгайсыздык жаратууда», — деди башкы дарыгер.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Масыайылкурулуш» жабык акционердик коомунун жетекчиси — Давлетов Болотбек Эргешович, түзүүчүлөрү — «Масыайылкурулуш» ЖАКтын акционерлери. Компания 2010-жылы 15-сентябрда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: курулуш.

Пример HTML-страницы

Ал эми Сузак райондук капиталдык курулуш байкармалыгынын адиси Абдурасул Султановдун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата 58 млн 491 миң сомдук жумуш аткарылды.

«Тактап айтканда, азыркы тапта имараттын ички бөлүгү толугу менен бүтүп, сантехникалык жабдууларды орнотуу жана эмеректерди жайгаштыруу иштери турат.

Курулуштун кечеңдешинин негизги эки себеби бар. Биринчиси — имараттын сырткы бөлүгүн жылуулоо боюнча долбоордо каралган эмес, бул кийинчерээк гана кошулуп, анын каржы маселеси чечилген. Азыркы тапта куруучулар имараттын сыртын жылуулап жатышат. Экинчи себеби — долбоор жасалып жатканда бөлүмдү жылытуу ооруканынын борбордук отканасына кошулуп даярдалган экен. Бирок азыркы тапта бейтапканага жаңы откана курулуп жаткандыгына байланыштуу имараттын жылуулук системасын ошол жакка кошуу боюнча иштер аткарылып жатат. Жалпы жонунан курулуш иштери ноябрь айын ортолоп аягына чыгып, имарат пайдаланууга берилет», — дейт Султанов.

Сузак аймактык ооруканасы жана анын филиалдары менен 9 бөлүм жалпы 346 орунга ылайыкташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️