Сузактагы айылда 51 миллион сомго бейтапкана курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылында 53 млн сомго бейтапкана курулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Сузак аймактык бейтапканасынын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, эски оорукананы буга чейин кыян каптап, кооптуу абалды жаратып келген болчу.

«Ушул жылдын жаз айларында Чаңгыр-Таш айылындагы Сузак аймактык бейтапканысынын Кара-Дарыя филиалынын курулушу башталган. Сметасы 53 млн 830 миң сомго бааланган курулушка облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланып, андан «Суу курулуш» ЖЧКсы 51 млн 621 миң 942 сомго утуп алып, иш баштаган. Ушул тапта 2 кабаттуу, 25 орунга ылайыкташкан курулуш 25% аякап калды. Тагыраагы имараттын 1-кабаты толугу менен бүтүп, плиталары басылып жатат. Куруучулар кыш мезгилине чейин бейтапканынын 2 кабатын тең толук бүтүрүүнү убадалап жатат.

Жаңы имарат пайдаланууга берилсе айыл элине шарт түзүлөт. Себеби азыркы корпус 1987-жылы катталган каттуу селде жапа чегип, эскилиги жеткен», — деди ал.

Сөз болуп жаткан Чаңгыр-Таш айылындагы бейтапкана 1956-1957-жылдары ошол кездеги колхоз тарабынан ашар ыкмасы менен бир кабаттуу болуп курулган. Бул имаратка 1960-жылы 25 орунга ылайыкташып бейтапкана ачылып, анын 3 оруну төрөткана катары пайдаланылып келген. 68 жыл мурда курулган имаратбүгүнкү күндө 17 миңден ашык калкты медициналык жактан тейлеп келет. Мында азыр 3 кызматкер эмгектенет.

Пример HTML-страницы
  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Суу курулуш» ЖЧКсы 2009-жылдын 30-мартында каттоодон өткөн. Анын түзүүчүсү катары Жолчиев Арапбай Назаралиевич, жетекчиси катары Назаралиев Нурлан Арапбаевич көрсөтүлгөн. Компания жарандык багыттагы объекттерди куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️