Сузактагы №13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо 70 адам сырттан добуш берди

Акыркы жанылыктар

TurmushСузактагы №13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо 70 адам сырттан добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гулиза Сапарова билдирди.

Анын айтымында, ккомиссияга сырттан добуш берүү ниетин билдирип 81 шайлоочу кайрылган.

«Баарына белгилүү болгондой мыйзам боюнча добуш берүүгө 3 күн калганда, тагырагы 19-сентябрга чейин бизге 81 шайлоочу сырттан добуш берүү үчүн арыз жазып кайрылган. Бүгүн биздин кызматкерлер эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта алардын арызда көрсөткөн даректерине барып, добуштарын алып келишти. Анын жыйынтыгында бүгүнкү шайлоого 70 шайлоочу катышты. А эми 11 шайлоочу ар кандай себептер менен добуш берүүгө катыша алган жок», — деди Сапарова.

Мындан сырткары ал эртең 22-сентябрда өтчү шайлоого райондогу бардык шайлоо участкалары толугу менен даяр экенин кошумчалады. №13 Сузак шайлоо окуругунда 81 шайлоо участкасы бар. Аларда 124 миң 429 шайлоочу добуш берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️