Сузакта үйлөрдү суу каптоо коркунучу жоюлуп жатат

Turmush23-марттан 24-мартка караган түнү жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Сузак айылынын Ат-Чабар тилкесинде үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, жамгырдан улам сел тосмодо суунун деңгээли көтөрүлүп, 18 метр аралыгын жеп кетип, 1 үйдүн короосун каптап, 12 үйгө кооптулук жараткан. Ал жерге ӨКМден жана 13 кызматкер, 1 жүктөгүч 1 манипулятор, 1 «КамАЗ», 1 экскаватор, 1 трал менен 1 экскаватор тарытлган. Тартылган күчтөрдүн жардамында сел тосмону бекемдөө иш-чаралар жүргүзүлгөн жана темир түтүк коюлуп, сууну агызуу жолу менен суунун деңгээлин төмөндөтүлгөн. Бул иштер бүгүн, 25-март күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️