Пример HTML-страницы

Сузакта жол оңдоо учурунда мурдагы көрүстөндөн адамдардын сөөктөрү чыкты (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ 30-июнда саат 15:00 чамасында Сузак—Кара-Дарыя унаа жолунун Сузак районунун Сузак айылындагы 4-чакырымындагы оңдоо иштеринин жүрүшүндө адамдардын сөөктөрү табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, элеттиктер сөөктөр 100 жыл мурдагы эски көрүстөндүн ордунан чыкканын болжолдоп жатышат.

Сузак айылынын тургуну Каримжан Хажимтовдун айтымында, казылып алынган сөөктөр чогултулуп, эл азыр пайдаланып келе жаткан көрүстөнгө көмүлдү. Бүгүн да сөөктөрдү чогултуу жумушу улантылышы ыктымал.

«Сузак—Кара-Дарыя унаа жолу кеңейтилип жатат. Кечээ жолдун курулушунда иштеп жаткан жумушчулар эски асфалтты казып жаткан учурда адамдын сөөгүн таап алышкан. Ошол жерди кененирээк кылып казганда дагы бир канча кишинин сөөктөрү чыккан.

Азыр менин жашым 65тен ашып калды. Мен бала кезде ушул жерде жыгач менен кашаланган эски көрүстөн бар болчу. Кийин СССР учурунда да жол салынып, курулуштар болгондо да кишилердин сөөктөрү чыккан. Мындан улам бул жер эски көрүстөндүн орду десек болот.

Кечээ жумушчуларга айыл тургундары жардамдашып, 40ка жакын кишинин сөөгүн капка чогултуп, мүрзөгө алып барып көмүп келдик. Бүгүн да жергиликтүү тургундар кол кабыш кылып, каражат чогултуп, техниканын жардамы менен ушул жерди казып көрүп, сөөктөр чыкса аларды да көмөлү деп турабыз», — деди ал.

Курулуш иши жүрүп жаткан жолдон эски мүрзө табылганын райондун акими Баратбек Сыдыкназаров да ырастап, азыр кызматтар жеринде иш алып барып жатканын маалымдады.

«Кеңейтүү иштери жүрүп жаткан Тиллабай ажы көчөсүндө иштеп жаткан жумушчулар казуу урунда жер астынан эски мүрзөнүн орду таап, ал жерден мурда көмүлгөн адамдардын сөөктөрү чыккан. Жергиликтүү тургундар табылган сөөктөрдү алып барып ошол эле айылдагы мүрзөлөрдүн бирине көмүшкөн. Алар бүгүн да өз каражатынын эсебинен ошол жерди казып, дагы сөөктөр чыкса көмүү сунушун берип жатат. Биз макул болдук. Азыркы тапта райондук админстрация, күч кызматкерлери жана куткаруучулар жеринде иш алып барып жатышат», — деди аким.

Сузак—Кара-Дарыя жолун оңдоо иштеринин алкагында аталган тилке жол 22 метрге кеңейтилип, унаалардын жүрүүсү үчүн эки катар тилке болот. Түнкү жарыктандыруу, жөө адамдар басчу тратуар жана 2 асма көпүрө каралган. Долбоор Транспорт министрлиги тарабынан даярдалып, анын сметасы 500 млн сомду түзгөн. Ал республикалык бюджеттен каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE