Пример HTML-страницы

Сузакта уулуу заттар көмүлгөн жайлар коопсуздандырылат. Буга чейин мал-жандыктардын массалык уулануусу катталган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерде союз мезгилинде айыл чарбасында колдонуудан алынган жана тыюу салынган уулуу химикат көмүлгөн жайларды жок кылуу же коопсуздандыруу иштери жүрөт. Бул тууралуу Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Атабек Матисаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Савирбек Томаевдин катышуусундагы АКИпресс-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Алардын айтымында, бул иштер «Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашат. Биринчи этабы жүрүп, аталган аймакка жакыныраак саналган айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык компания жүрдү. Эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин чечимине ылайык, долбоордун экинчи этабында коопсуздандыруу жумушу колго алынат.

Белгилүү болгондой, мындан 40 жыл мурун СССРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган. Союз учурунда эскирген, колдонуудан алынган жана тыюу салынган уулуу химикаттарды көмүү иштери 1973-жылдан 1978-жылдарга чейин жүргүзүлгөн. Кочкор районунун Кочкор айылына, Жалал-Абад облусунунун Сузак районуна караштуу Ак-Чабыр, Кызыл-Байрак айылдарына жакын жерлерде көмүлгөн. Сузак районунда көмүлгөн жайлар Кара-Алма токой чарбасынын аймагында жайгашкан.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын маалыматына караганда, аталган участкада сунушталган көмүү реестрине ылайык, эскилиги жеткен, органикалык булганууга туруктуу, тактап айтканда биринчи класстагы коркунуч келтирүүчү токсин калдыктары пестициддер көмүлгөн. Анда «Айылчарбахимиясы» ЖЧКсы тарабынан инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрсүз эле көмүлүп калган. Талапка жооп берилбей иш жүрүп калгандыктан бүгүнкү күнү да кооптуулук жаралып турат.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери эл аралык жамааттардын шарттарына жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн глобалдуу маселе катары карап, аны чечкиндүү мүнөздөө кароого активдүү катышууда. Буга мисал КРнын Стокгольм конвенциясына кошулушун атоого болот. Сузактагы эскирген пестициддерди утилдештирүү боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн ГЭФ ЮНЕПтин «Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТны камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү» аталган регионалдык долбоор ишке ашырып жатат. Бул долбоордун негизги максаты Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, коркунучтуу калдыктарды, анын ичинде ДДТ жана туруктуу органикалык булганычтарды (ТОБ) экологиялык жактан таза башкаруу боюнча улуттук жана аймактык потенциалын камсыздоо болуп саналат. Долбоор аяктаса, 5000 тонна ТОБ утилдештирилет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Савирбек Томаев да андагы жайлар талапка жооп бербегендигине байланыштуу министрлик тарабынан башка жакка көчүрүү же болбосо утилизациялоо боюнча иш алып барылып жатканын айтты.

«Уулуу химикаттар көмүлгөн жайларда 2005-2006-жылдары жергиликтүү калк өз алдынча мыйзамсыз казуу иштерин жүрүзүп жиберишкен. 2010-жылдары мал-жандыктарда массалык уулануу болгон. Анткени андагы жай казылып ачылып калгандыктан, топтолгон сууну ичкен койлор бүт ууланган. Эч биринин балансына алынган эмес. 2013-жылы айланасы тосмолонуп, Кара-Алма токой чарбасына өткөрүлүп берилген. Ошондон бери ал жайлар толук көзөмөлдө болуп жатат», — дейт ал.

Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Атабек Матисаевдин айтымында, «Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү» долбоорунун 1-этабында маалымат жеткирүү боюнча иш алынып барылды.

Ак-Чабар участкасындагы жай белгисиз жарандар тарабынан казылып, жерге топтолгон суудан мал-жандыктар суу ичип, 2010-жылы 35 баш мал-жандык ууланган. Ууланган койду жеген 30дан ашуун жергиликтүү калк ооруканага түшкөн. 2013-жылы 130 баш мал-жандык ууланган. Массалык уулануулардан кийин же 2013-жылы көмүлгөн жайдын айланасы тосулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE