Сузакта парламенттин депутатын шайлоодо элдин добуш берүүсү солгун болуп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush№13 Сузак шайлоо округунан парламенттин депутатын шайлоого элдин добуш берүүсү солгун болуп жатат. Бул шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

№2008 шайлоо участкасынын төрайымы Кундуз Закированын маалыматына караганда, саат 14:00гө карата участкадагы 3183 шайлоочунун 127си гана добуш берген. Бул добуш берүүчүлөрдун 5% гана түзөт.

«Биздин №2008 шайлоо участкасында эртең мененки саат 8:00дөн бери шайлоо эч кандай мүчүлүштүктөрсүз өтүп жатат. Болгону добуш берүүчүлөрдүн катышы төмөн болууда. Алсак саат 14:00гө карата участкадагы жалпы 3189 шайлоочунун 127си гана өз добуштарып берди. Менимче шайлоо элдин талаадагы эгин-тегини тегиз башып, жайлоодон мал-жандыктары келип калган учурга туш болгондуктан катышуу төмөн болуп жатат. Түштөн кийин эл активдүү катышса керек деп үмүттөнөбүз», — деди ал.

№13 0Сузак округдук шайлоо коммисиясынын саат 14:00гө карата берген маалыматына таянсак, добуш берүүгө 9771 киши катышкан. Бул сан жалпы шайлоочулардын 7,85% түзөт.

Турмуш басылмасынын аймактык кабарчысы Сузак шайлоо окуругунун жашоочуларына микрафон сунуп, шайлоо өнөктүгү тууралуу оюн укту. Алардын басымдуусу добуш берүүгө бара электигин айтышып, айрымдары эл өкүлдөрү элдин ишениминен чыгып калганын айтса, айрымдары эл өзү күнөөлүү экенин, ар ким өзүнүн керт башын гана ойлоп атуулдук милдетин өтөбөй жатат деген сыяктуу пикирлери менен бөлүштү.

Пример HTML-страницы

№13 Сузак шайлоо округунда 81 шайлоо участкасы бар. Аларда 124 миң 429 шайлоочу добуш берет.

  • Саат 16:00го карата жалпы шайлоочулардын 11 миң 378и добуш берди. Бул көрсөткүч 9,04% түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️