Сузакта мыйзамсыз иштеп жаткан 4 диний окуу борбору аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз ишмердик жүргүзгөн 4 диний окуу борбору аныкталды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуу борборлорунун жетекчилерине жалпы 30 миң сом айып пул салынды. Тактап айтканда, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Сузак районунун аймагында жашы жете элек балдарды окутуп жаткан 4 диний окуу жайы аныкталды.

Укук бузуулар кодексинин 142-беренесинин 4-пунктунун негизинде ар бирине 7500 сомдон айып пул салынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алардын ишмердигине чектөө коюлду.

Укук коргоо кызматкерлери билдиргендей, облус аймагында мыйзамсыз окуу жайларды аныктоо иштери мындан ары да жүргүзүлөт.

Пример HTML-страницы

Укук бузуулар кодексинин 142-беренеси. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу, 4-пункт: диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыруусу — жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️