Сузакта милициянын көчмө кабылдамасы жаңы унаалуу болду

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда милициянын көчмө кабылдамасына жаңы «ГАЗ Соболь» үлгүсүндөгү унаа берилди. Райондук ички иштер бөлүмүнүн калкка сервистик тейлөө көрсөткөн кызматкерлери буга чейин пайдаланып келген унаа бузулуп, кыйынчылык жаралып келген.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп эмгектенген милициянын ага лейтенанты Динияз Ташматов сөз болуп жаткан эски унааны 3 жылдан бери айдайт. Ал бул унаа көчмө кабылдама катары пайдаланууга 2011-жылы берилгенин айтат.

«Буга чейин пайдаланып келген эски унаа 2011-жылы берилген. Акыркы 3 жылдан бери ал унааны айдап, район тургундарын тейлеп келебиз. Техниканын качан, кайсы жакта бузулуп каларын эч ким билбейт. Кээде эл менен жолукканы бара жатканда жолдо бузулуп, бизди убарага салчу. Өткөн жылы унаанын кыймылдаткычын, каробкасын оңдотуп, жаңы дөңгөлөк салганбыз. Быйыл жакшы иштеп жаткан. Эми бизге жаңы унаа келди. Анын артыкчылыгы жол тандабас экен. Сузак районунун тоолуу аймактарда жашаган калкты тейлөөдө бизге чоң жардам болот», — деди Д.Ташматов.

Милициянын көчмө кабылдамасы өлкөдө 11 жылдан бери иштеп келе жатат. Анын материалдык базасын чыңдоо максатында эл аралык уюмдарга долбоор жазып, бир катар иштер аткарылып келе жаткандыгы айтылды. Өлкөнүн түштүк аймагына 3 атайын унаа берилген. Анын бири Сузак районуна, калганы Ош облусунун Алай районуна жана Баткен облусунун чек арага чектеш Лейлек районуна берилет.

Милициянын отставкадагы полковниги, милициянын көчмө кабылдамасынын мобилдик коомдук бирикмесинин төрагасы Шамшыбек Мамыров унаалардын артыкчылыктарына токтолуп өттү.

«Аталган «ГАЗ Соболь» унаалары 2021-жылы чыгарылган. Мындай заманбап унааларга зарылчылык күч болчу. Себеби көчмө кабылдама иштеген кызматкерлерге акыркы жолу унаалар 2011-жылы берилген. Кээде эски унаалар жумушка тоскоолдук жаратып келген. Ошол себептен быйыл милициянын көчмө кабылдамасынын мобилдик коомдук бирикмесинин мүчөлөрү ИИМ менен бирге эл аралык уюмдарга долбоор жазганбыз. Аны Европадагы коопсуздук боюнча кызматташтык уюму колдоп, 5 атайын унаа алып берди. Анын үчөөнү өлкөнүн түштүк аймагына алып келдик. Булардын артыкчылыктары жол тандабас жана мында GPS орнотулган. Анын жардамы менен кызматкерлер калкка кандай кызмат көрсөтүп жатышканын аралыктан отуруп текшерип турууга мүмкүнчүлүк жаралат. Мындай көрүнүш менен милициянын ишинин сапатын жакшыртабыз», — Ш.Мамыров.

Пример HTML-страницы

Өлкө боюнча «ГАЗ Соболь» үлгүсүндөгү 59 унаа бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️