Сузакта милицияга ыкчам маалымат түшкөндөн кийин 9 адам кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунда диний-экстремисттик уюмдун 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Сузак районунун 1965-жылы туулган С.Ю. аттуу тургуну кылмыш жоопкерчилигин билип туруп, диний-экстремисттик кылмышты жасоо жолуна түшкөнү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Алынган маалыматтардын негизинде ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында Сузак районунун аймагында 9 дарекке тинтүү жүргүзүлүп, Сузак районунун 1965-жылы туулган тургуну С.Ю. — «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү өзү жашаган үйүндө Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун диний-экстремисттик сабактарды окутуп, экстремисттик агымдарга үгүттөө иштерин жүргүзүп, жашыруун түрдө ячейка түзүп жаткандыгы аныкталган. Аталган уюмуна таандык 20 даана китеп, 10 даана DVD диск, 1 даана планшет жана 1 даана флешка, 9 даана уюлдук телефон далил буюмдар алынды.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (диний экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 20-июль күнү кылмышка шектүүлөр кармалды.

Алар:

Пример HTML-страницы

— 1961-жылы туулган А.А.;

— 1962-жылы туулган Ш.Д.;

— 1965-жылы туулган С.Ю.;

— 1967-жылы туулган Х.С., Ш.М., У.И.;

— 1969-жылы туулган Ш.П.;

— 1970-жылы туулган Ю.А.;

— 1972-жылы туулган А.И.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️