Сузакта изделип жаткан бала Чолпон-Атадан табылып, «дудукмун» деп алдаган. Капитан айымдын баяны

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспециясынын инспектору, капитан Айгерим Асанакунова.

Асанакунова Айгерим Рахатбековна 1995-жылы 8-ноябрда Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Атасы милиция кызматкери болгондуктан кичинесинен ал сыяктуу форма кийип, элге кызмат кылынуу самачу.

«Атамды көрүп, кичинекейимен ал менен сыймыктанып чонойдум. үйдөгүлөргө тергөөчү болом деп айта бергендиктен алар кичинемден кайсы окуу жайга тапшырарымды билишчү. Мектепти аяктагандан кийин, 2013-жылы Ички иштер иинистрлигинин Академиясына тапшырып, 2017-жылы аяктадым. Дал ушул 2013-жылдын август айында биринчи жолу милиция формасын кийгенде абдан толкунданып, сыймыктануу сезим болгон. Форманы кийгенден кийин ага татыктуу болоюн, эл ишенген кызматты так аткарайын деген сезимдер болот», — дейт ал.

Капитан айымдын жолдошу да милиция кызматкери болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

«Маркум кайнатам дагы ИИМ кызматкери болчу. Андыктан жолдошум экөөбүз тең окшош тарбияда чонойгондуктан турмушка болгон көз карашыбыз окшош экен. Аны жумуш аркылуу жолуктуруп, кийин баш кошуу сунушун киргизгенде макул болгом», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Айгерим Асанакунованын айтымында, жолдошунун колдоосу менен үй-бүлөнү да, жумушту да бирдей алып кете алган.

«Бир жумушта иштегендин жакшы жагы, чогуу кирип-чыгып, бири-биринди түшүнөсүң. Ашыкча кызганычтар орун албайт. Жумушту түшүнгөндүктөн колдоп турабыз. Учурда эки кызыбыз бар. Уулу кызыбыз Альфия 5 жашта, кичүү кызыбыз Даткайым 2 жашта. Чогуу иштегендеги кыйынчылыктарды айтсам, айгай (тревога) көтөрүлсө, курчоого алуу болгондо экөөбүз тең чогу барууга туура келгендиктен, кыздарды кароодо кыйынчылыктар болот. Бир жолу айгай көтөрүлгөндө 4 жарым айлык кызымды бала багуучуга жеткирип, ишке жөнөгөнүм эсимде», — дейт ал.

Каарманыбыз 2017-жылдан 2024-жылдын январь айына чейин Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматында иштеп келген.

«Иш үстүндө көптөгөн эсте калган окуялар болот. Башкысы кылмышты алдын алып калсак, өспүрүмдөрдү жаман жолдон сактап, же жоголгон балдарды аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп бергенде өз ишим менен сыймыктанып калам. Бир жолу «Өспүрүм-Түн» рейди учурунда Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБинде издөөдө турган жаш өспүрүм баланы Чолпон-Ата шаарындагы кафедердин биринде иштеп жүргөнүн аныктап, ал баланы кабинетке алып келип сүйлөшүп, өздүгүн тактап жана жогоруда көрсөтүлгөн РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз. Кызыктуусу ал бала башында бизге «дудукмун» деп жандаган. Кабинетке алып келип, өзү жөнүндө маалымат ала баштаганда, ал бала жөнүндө бирге иштегендер менен сүйлөшүп отурган учурда сөздөргө көңүл буруп жатканын байкам калдык. Ошентип анын өздүгү такталып, жакындарына кабар берилип, өткөрүп бергенче 10 сааттан ашык жанында жүрдүк. Ошентип 10 саат жанында болуп, аран сүйлөткөнбүз. Көрсө, үйүнөн качып кетип, биздин аймакка келип калыптыр», — деди ал.

Капитан айым райондо сел жүргөн учурда да кызмат үстүндө болуп, муктаждарга азык-түлүк таратуу, коомдук коопсуздукту сактоо, тазалоо иштерине активдүү катышты.

Асанакунова кичинесинен ат мингенди жакшы көргөндүктөн, бош убактысын ат үстүндө өткөргөндү жакшы көрөт.

«Бош убактымда китеп окуганды жана жаңы бир нерсени үйрөнгөндү жакшы көрөм. Хоббим — ат минүү. Негизи эле кыргыз элинин жашоосу ат үстүндө өткөн эмеспи. Ат минип, табият койнуна бастырып, таза абада дем алуу абдан жагат. Жылкы баласы акылдуу болгондуктан ал сенин ичиндеги сезимдеринди туйуп тургандай. Ошондой эле бош убактымда үй-бүлөм менен сейилдегени көп чыгабыз», — дейт ал.

Айгерим Асанакунова ИИМдин, ОИИБдин ардак грамоталарына татыган. Муну менен катар кыргыз милициясында 10 жыл үзгүлтүксүз кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу 2023-жылы «Азамат 3» төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле спорт менен машыгып, райондор арасындагы спортакиадаларда триатлон, таяк тартыш боюнча 2-3 орундарды ээлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️