Пример HTML-страницы

Сузакта ага-ининин балдары аттын алдында калып каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылында эки окуучу каза болду. Бул маалыматты айыл өкмөт башчы Нурлан Сейитбеков Turmush басылмасына тастыктады.

Анын айтымында, 12 жана 8 жаштагы балдар атты сугарганы чыгышкан.

«Ат тайып, эки өспүрүмдү басып калган. Тилекке каршы, алар аттын алдынан чыга албай калышыптыр. Алар ага-ининин балдары болушкан. Улуусу 6-класста, кичүүсү 2-класста окучу экен», — деди ал.

Каза болгон балдар бүгүн, 6-ноябрда жерге берилди.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Барпы айылдык ооруканасынын тез жардам кызматынын дарыгери телефон аркылуу 5-ноябрда саат 16:00 чамасында аталган айыл аймакка караштуу Боз-Чычкан айылындагы адырда Барпы айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын тургундары – 2010-жылы туулган Д.Э. менен 2014-жылы туулган Д.Э. учкашып бара жаткан ат тайып кетип, аларды басып калып, балдар окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.

Бул билдирүү Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон.

Текшерүү учурунда маркум балдардын аталары арыз жазуудан жана жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE