Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Сузакта үйлөрдү кыдырып, китеп берип жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда «Китеп куржуну» акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу райондук китепкананын башчысы Айнура Закирова билдирди.

Анын айтымында, акциянын алкагында кызматкерлер үйлөрдү кыдырып, китепканага барууга мүмкүнчүлүгү жок балдарга китеп жеткирүүдө.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы учурда китеп окууга кызыккан балдар жок. Мындан улам райондук китепкананын кызматкерлери «Китеп куржуну» акциясын уюштурганбыз. Мында биз кыргыз адабияты, балдар адабиятындагы тарбиялык мааниси бар китептерди мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган үйлөргө жеткирип берип, аларга окуп берүүнү колго алдык. Бул демилге ишке ашып жатканына бир айдын жүзү болду, ошентсе да өз жемишин берип жатат. Ал арада биз райондогу мекеме-ишканаларга жана алыскы айылдарда жашаган үйлөргө барып, китептерди таштап келүүдөбүз. Биздин кадамыбыздын максаты — калкты китеп окууга чакыруу, китепти пропагандалоо», — деди Закирова.

  • Сузак районунда 33 китепкана бар болсо, анын бирөө райондук китепкана, бирөө айылдык балдар китепканасы жана 31и айылдык китепкана.

  • Сузак райондук китепканасынын фондунда 30 миңден ашык китеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE