Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик имараты ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 объектинин ачылуу аземи президент Садыр Жапародун онлайн катышуусунда болду.

Алардын катарында «Кыргызстан УЭТ» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы да бар.

Ачылыш аземге «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек, Жалал-Абад ЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов, Сузак айыл аймагынын башчысы Даирбек Бакиров, энергетиктер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына болгон иш сапарында Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имаратынын авариялык абалын көрүп, жаңы курууну тапшырма кылган.

Мында кызматкерлерге түзүлгөн шарттар мыкты тейлөөгө өбөлгө болору белгиленди. Жаңы имарат 2 кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Курулушка «КУЭТ» ААКтын өздүк эсебинен 14 млн 500 миң сом каражат бөлүнүп, «Ширин Бизнес Групп» жоопкерчилиги чектелген коому бүтөрүп берди.

Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы Сузак районундагы 5 айыл өкмөттөгү 36 миң 764 керектөөчүнү тейлейт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️