Суусамырда жайытты каптап баштаган алтыгана маселеси талкууланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө көп жылдан бери тамырлап жайылып, тоют чөптөрдүн өсүүсүнө зыяндуулугун тийгизген тикенектүү жапайы алтыгана (карагана) маселеси талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Суусамыр өрөөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, райондук жетекчилердин жана жайыт комитеттеринин тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөн.

Анда жайыт маселесин натыйжалуу пайдалануу жана Суусамыр өрөөнүндө жыл санап көбөйүп, тамырлап жайылып бара жаткан алтыгана- карагана бадалына каршы күрөшүү иш-чаралар белгиленген. Бул зыяндуу өсүмдүктүн таркалуусуна жол бербөө боюнча иш мерчемдер белгиленди.

Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидовдун айтымында, Суусамырда 310 миң гектар жайыт жер Панфилов районуна тиешелүү. Анын 60 миң гектарын панфиловдуктар пайдаланса, 250 миң гектар аянты Чүйдөгү райондорго, Талас облусуна жана Жалал-Абаддын Токтогул районуна пайдаланууга берилген.

Статистикалык маалыматтарда, Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9,2 млн гектарды түзөт. Ал эми Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жеринин жалпы аянты 472 миң гектар болсо, акыркы жылдарда алтыгана 800 гектарга көбөйгөн. Тамырынан, айрымдардын айтуусунда, уругунан да тез тараган алтыгана жайыт жерлердин аянтын кыскартып, тоют чөбүнүн айрымдарын жок кылуу коркунучу жаралууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️