Пример HTML-страницы

Суусамырда таш-талканы чыккан «Лексус» жана жетекчинин өлүмүнүн чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖогорку сот Суусамырдагы адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы боюнча ишке чекит койду. Жол кырысыкка айыпталган айдоочу 5 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу Шамил (аты өзгөртүлдү, Ш.Р.Х.) 2021-жылдын 22-ноябрында саат 14:30 чамасында Жайыл районуна караштуу Бишкек—Ош унаа жолунун 187-чакырымында оор жүк ташуучу унаасы менен батыштан чыгышты көздөй башкарып келе жатып, жол кыймылынын эрежелеринин 10.1 пунктунун талаптарын бузган. Ал чыгыштан батышты көздөй жеңил унааны башкарып келе жаткан К.Б.Ж.ны сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен К.Б.Ж. окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле жеңил унаанын айдоочусу жаракат алган.

Кырсыкка кабылган жеңил унаа талкаланып, жараксыз абалга келип, ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 1 145 000 сомдук чыгым келтирилген.

Жол эрежелеринин 10.1. пункту: Айдоочу транспорт каражатын белгиленген чектөөдөн ашпаган ылдамдыкта айдоого тийиш, мында кыймылдын ыкчамдыгын, транспорт каражаты менен жүктүн өзгөчөлүгүн жана абалын, жол жана метеорологиялык шарттарды эске алууга тийиш. Атап айтканда, жүрүп бараткан багыттагы айлананын көрүнүшүн эске алууга тийиш. Ылдамдык айдоочуга Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн транспорт каражатынын кыймылына туруктуу контролдукту камсыз кылууга тийиш.

Айдоочу байкай алган кыймыл үчүн коркунуч келип чыккан учурда ал транспорт каражатын дээрлик токтотууга чейин ылдамдыкты азайтуу үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө тийиш.

Жайыл райондук сотунун 2023-жылдын 13-майындагы өкүмү менен Шамил Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 1-3-бөлүктөрү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген транспорт каражатын башкарган адам тарабынан автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген жосун) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 6 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесине ылайык, дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулду) негизинде 3 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазадан бошотулган.

Жабырлануучу тараптын пайдасына айыпталуучудан 1 145 000 сом материалдык зыян өндүрүлгөн.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 9-октябрындагы өкүмү менен Жайыл райондук сотунун 2023-жылдын 13-майындагы өкүмү өзгөртүлгөн.

Шамил Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде 3 жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуу, Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесинде көрсөтүлгөн көзөмөл талаптарын аткаруу тууралуу милдеттер жокко чыгарылган.

Шамилге карата 1 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу жокко чыгарылган. Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесине ылайык өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазалар жарым-жартылай кошулуп, ага биротоло 8 жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы чектелип, жазаны жалпы тартипте түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Айыпталуучу сот залынан камакка алынган. Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Жактоочу Т.Дүйшенбаев Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Анда Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 9-октябрындагы өкүмүн жокко чыгарып, Жайыл райондук сотунун 2023-жылдын 13-майындагы өкүмүн күчүндө калтырып берүүнү суранган.

Жабырлануучулар К.К.С., Б.Б.Ж. кассациялык даттанууда Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 9-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Шамилди 10 жылга эркиндигинен ажыратууну суранышкан.

Жыйынтыгында Жогорку соттун 2024-жылдын 25-мартындагы токтому менен Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 9-октябрындагы өкүмү өзгөртүлдү.

Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 2-бөлүгү менен коюлган айып боюнча анын жосунунда кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш иш кыскартылды.

Шамил Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча 2 жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазык кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жазык кодексинин 78-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) 2-3-бөлүктөрүнүн негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло 2 жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 4 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Жазык кодексинин 79-беренесинин (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) 1-3-бөлүктөрүнүн негизинде өкүмдөрүн жыйындысы менен биротоло 2 жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Жактоочу Т. Дуйшенбаевдин, жабырлануучулар К.К.С., Б.Б.Ж.нын кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

————————————————————-

Turmush 2021-жылдын 22-ноябрында Суусамырдагы унаа кырсыктан Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Байыш Керимбаев көз жумганын жазган. Ал 65 жашта болчу.

Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыгынан улам 1 адам каза болгонун билдирген. Анда Бишкек—Ош жолунун 187-чакырымында «Лексус» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. «Лексустун» 1956-жылы туулган айдоочусу окуя болгон жерде көз жумганы белгилүү болгон. Андан тышкары 1 аял жана 2 эркек киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE