Суусамырда эки унаа бетме-бет кагышып, айдоочу көз жумду. Күбөлөрдүн видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, эки унаа сүзүшүп, бир киши каза болду. Ошондой эле бир нече адам жаракат алган.

Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына билдиргендей, 25-сентябрда саат 13:00 чамасында Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган тургуну Т.С.О. «Киа-Оптима» («Kia Optima») унаасы менен Бишкек—Ош унаа жолунун 167-чакырымында түштүктү көздөй бара жатып, рульга ээ боло албай, карама-каршы багытта келе жаткан «Хендай Санта Фе» («Hyundai Santa Fe») унаасы менен бетме-бет сүзүшкөн. «Хенай Санта Фе» унаасын Жалал-Абад облусунун 2003-жылы туулган тургуну С.Б.Ш. башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Киа-Оптима» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, ал эми Жайыл райондук ооруканасына «Хендай Санта Фе» унаасынын айдоочусу С.Б.Ш. жана 4 жүргүнчү кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️