Суу түтүк ишканасы Каракол шаарынын тургундарын сууну үнөмдөөгө чакырат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында күндүн ысышы менен тургундар сууну нормадан 3 эсе көп колдоно башташты. Алардын ичүүчү таза сууну сугатка колдонуп жатышканы башкы себеп болууда.

Мындан улам шаардык суу түтүк ишканасы тургундардан ичүүчү сууну үнөмдөөгө чакырат.

«Каракол суу түтүк» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жеңиш Өмүргалиевдин айтымында, калаада Борбордук Азиядагы уникалдуу болуп эсептелинген суу тазалоочу станция керектүү өлчөмдөгү сууну иштетип берүүгө жетише албай жатат. Себеби ал суткасына 18-20 миң куб метр сууну тазалап берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эсептөөлөр боюнча, ушул өлчөмдө тазалынып чыккан суу шаардыктарды ичүүчү суу менен толугу менен камсыз кылышы керек эле. Бирок учурда жергиликтүү тургундар таза сууну суткасына 3 эсе көп колдонуп жатышат.

Эл таза сууну сугатка колдонуп жаткандыктан суткасына 20 миң куб колдонушу керек болсо, учурда 60 миң куб берип жатабыз. Мындан улам айрым учурларда шаарда суу тартыштыгы жаралып, суунун сапатына да таасирин берип жатат. Ошондуктан тургундардан сууга аяр мамиле кылууну суранып өтөм», — дейт Ж.Өмүргалиев.

Пример HTML-страницы

Калаада суу тазалоочу жайдан сырткары 2 насостук станцияда 5 насос толук кандуу иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️