Пример HTML-страницы

Спорттун чебери, физик, математик… Жаңы-Арыктагы 86 жыл мурун түптөлгөн мектептин агайлары

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы профессор Айып Идинов атындагы орто мектепте учурда 44 мугалим эмгектенсе, анын 6 мугалими агайлар. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Бул мектепте 18 жылдан бери эмгектенген 46 жаштагы Тилеген Босумбаев көркөм өнөр, чийүү сабактарынан берет. Ал 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Дене тарбия мугалими Азим Эсенбек уулунун иштегенине быйыл 7 жыл болот. Ал сабактан тышкары эркек балдарды эркин күрөш боюнча машыктырып келет. Өзү дагы эркин күрөш боюнча спорттун чебери. 2022-жылы Түркияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түрк элинин улуттук күрөшү боюнча коло байгени багындырган.

Эрмек Жолдошбек уулу мектепте 10 жылдан бери математик мугалим болуп иштеп келет. Ал 2015-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Физика мугалими Темирбек Моконов мектепте 8 жылдан бери эмгектенип келет. 2017-2018-окуу жылында окуучуларды менталдык арифметика боюнча машыктырып, коңшу Өзбекстанда өткөн сынакта байгелүү орундарга ээ болушкан. Ушул эле жылы «Жаш интеллектуалдар» облустук сынагына окуучуларын алып барып, 2-орунду алып келишкен. 2017-2018-окуу жылында өзү «Мыкты мугалим» кароо-сынагынын райондук турунда 2-орунду алган.

Кутман Темирболот уулу мектепте 5 жылдан бери аскерге чейинки даярдык сабагынан билим берип келет. 2018-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филология факультетин аяктаган. Мындан тышкары Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүрүп, «Кенже лейтенант» наамын алган.

Кутман Темирболот уулу эмгек жолун 2017-2018-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылындагы генерал С.Самсалиев атындагы орто мектебинде баштап, кийин өзүнүн кичи мекени Жумгалга келген.

Илимбек Сабырбек уулу мектепте тарых сабагынан билим берип келет. Эмгек жолун 2016-2019-жылдары Чүй өрөөнүндөгү Байтик айылындагы генерал С.Самсалиев атындагы орто мектебинен баштап, кийин Бишкек шаарындагы №86 орто мектебинде эмгек кылган. Агайдын бул билим уясында иштеп жатканына быйыл 7 жылдын жүзү болот.

Мектеп 1937-жылы Кара-Булак 7 жылдык мектеби болуп курулган. Кийин Базар-Турук башталгыч мектеби кошулуп, 1950- 1951-окуу жылында Коммунизм 7 жылдык мектеби болуп уюштурулган. 1974-1975-окуу жылында окуучулардын саны өскөнүнө байланыштуу кошумча мектеп курулуп, орто мектеби болуп түзүлгөн. 1992-жылы Кызарт мектеби болуп аталган. 1998-жылдын 21- июнунда профессор Айып Идиновдун ысымы берилген.

Мектептин биринчи корпусу 2019-жылы жараксыз деп табылып бузулган. Эл аралык фонд тарабынан курулган мектептин жаңы имараты 2022-жылдын 19-февралында колдонууга берилген. Мектептин класстары заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE