Соттук териштирүүлөр боюнча эмне белгилүү? (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын архитектуралык курулушту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы Сулайман-Тоонун буффердик аймагындагы мыйзамсыз куруштар боюнча маалымат берди.

Бир нече күн мурун Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев шаарда бир катар мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган объектилер менен таанышкан.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, алар мыйзамсыз курулуштарды кыдырып чыгып, тиешелүү кызматтарга аталган объекттер боюнча мындан ары чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо тапшырылган.

Текшерүүдө Сулайман-Тоонун буффердик аймагында курулган курулуштар боюнча да сөз болгон. Буга чейин В.Ленин көчөсү, 351 жана 309 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулуп жатканы, иш сотто экени айтылган.

Ош шаарынын архитектуралык курулушту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Орунбек Бейшебаев Turmush басылмасына соттук териштирүүлөр тууралуу айтып берди.

Пример HTML-страницы

«Ош шаарынын Ленин көчөсү, 309 дарегиндеги «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» ЖЧКсы куруп жаткан курулушка 2019-жылдын 24-октябрында пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, акт түзүлүп, ошол эле күнү эскертүү берилип, курулуш иштери токтотулган. Бирок ошол жылдын 14-ноябрында контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы менен курулушту өз билемдик менен уланта бергендиги үчүн иш Ош облустук райондор аралык сотуна 2019-жылдын 26-ноябрында өткөрүлүп берилген.

Айып пул салынып, иш Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн. Ош шаардык сотунан курулушту токтотуу боюнча аныктама чыккан. Бирок алар Ош облустук сотуна кассациялык даттануу менен кайрылган. Акыркы сот отуруму 6-июлда болду. Сот отуруму дагы жылдырылды.

Ал эми Ош шаарынын Ленин көчөсү, 351 дарегинде жайгашкан «Эмаком» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуш боюнча 2019-жылдын 10-январында Ош ШИИБге кат жиберилген. Тактап айтканда, аталган ЖЧКнын директору Мелисбек Жусупов курулушка тиешелүү документтерди көрсөтө албаганы үчүн иши Ош ШИИБге өткөрүлүп берилген. Бул иш Ош шаардык сотуна өткөн. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат», — деди О.Бейшебаев.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «ПИК СТИЛЬ СТРОЙ Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Абдуллаев Руслан Махмаджанович, түзүүчүлөрү — Абдуллаев Руслан Махамаджанович жана Бердибаев Заирбек Сапарбаевич. Компания 2020-жылы 20-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу. Дареги: Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, №26.

  • Ал эми «Эмаком Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Жусупов Эрланбек Ромидинович, түзүүчүсү — Жусупов Мелис Ромидинович. Компания 2019-жылы 6-февралда кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу. Дареги: Ош шаары, Масалиев көчөсү, №25А.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️