Сот «Тилла» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн камакка алды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тилла» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү камакка алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 16-сентябрындагы токтомунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен шектүү И.И.Ш. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 14-ноябрга чейин тандалды.

————————————————————-

Буга чейин Turmush Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын жазган.

Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 11-сентябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1967-жылы туулган М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-июль күнү И. аттуу жаран «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын убактылуу пайдаланып турам деп алып, башка бирөөгө карызын төлөө үчүн берип жибергендигин билдирген.

Пример HTML-страницы

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

2024-жылдын 14-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган И.И. аттуу (каймана аты «Тилла», ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат) тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үстүнөн дагы 3 жабырлануучудан ушундай эле мазмундагы арыздар катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 4 миллион 800 миң сомдон ашуун.

Шектүү И.И. жарандар менен сүйлөшкөндө Өзбек Республикасынын крим чөйрөсүндөгү таанымал болгон жарандар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп жүргөндүгү маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️