Сот Ш.Ташиевге, А.Сыргабаевге, Ж.Токторбаевге жана М.Үсөновго карата козголгон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартты

TurmushЖалал-Абад шаардык соту Медербек Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев, Абсаттар Сыргабаев жана Шаирбек Ташиевге карата иштерди өндүрүштөн кыскартты. Мындай чечим 2021-жылдын 21-февралында кабыл алынды.

Облустук соттун маалыматына караганда, аларга Кыргыз Республикасынын 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу), 297-беренесинин 1-бөлүгү (бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен айып тагылган. Иш өндүрүштөн мамлекеттик айыптоочунун оозеки өтүнүчү боюнча кыскартылды.

— — — — — — — — — — — — — — — — — — — — — — — —

Буга чейин Жогорку соттон Жогорку соттун соттук коллегиясы Медербек Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев, Абсаттар Сыргабаев жана Шаирбек Ташиевге карата чыгарылган сот өкүмдөрүн жокко чыгарганын тастыкташкан. Чечим 2021-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Тергөө органдары билдиргендей, 2013-жылдын 31-майында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин колдоочулары мурунку депутаттар К.Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан. Алар Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имаратына келишкен. Колдоочулар имараттан бир нече күндөн кийин, тактап айтканда мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен сүйлөшүүдөн кийин гана кетишкен.

Ошондой эле жарандардын тобу УКМКнын имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Бишкек—Ош жолу тосулган.

Пример HTML-страницы

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Медер Үсөнов, Жеңиш Токторбаев, Шайыр Ташиев, Абсатар Сыргабаевге кылмыш ишин козгогон. Шайырбек Ташиев массалык маалымат каражаттарына берген комментарийинде кылмыш иши адилетсиз козголгонун айткан. Анда ал митингдин уюштуруучусу деген айыптоолорду четке каккан.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы өкүмү:

Үсөнов Медербек Жороевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (ред.1997-жыл) 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 3-бөлүмү (Массалык баш аламандык) менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Сот Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси менен аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен бирге Үсөнов Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси менен шарттуу түрдө 6 жылга кесилген. Мындан тышкары, сот жабырлануучулардын пайдасына 164 миң 73 сом 82 тыйын өндүрүү чечимин чыгарган.

Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (ред.1997-жыл) 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 3-бөлүмү (Массалык баш аламандык) менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Сот Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси менен аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен бирге Токторбаев Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси менен шарттуу түрдө 6 жылга кесилген. Мындан тышкары, сот жабырлануучулардын пайдасына 164 миң 73 сом 82 тыйын өндүрүү чечимин чыгарды.

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (ред. 1997-жылы) 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 3-бөлүмү (Массалык баш аламандык) менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Сот Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси менен 4 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен бирге Сыргабаев Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси менен шарттуу түрдө 4 жылга кесилген. Мындан тышкары, сот жабырлануучулардын пайдасына 164 миң 73 сом 82 тыйын өндүрүү чечимин чыгарган.

Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (ред. 1997-жылы) 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 3-бөлүмү (Массалык баш аламандык) менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Сот Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси менен 4 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен бирге Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси менен шарттуу түрдө 4 жылга кесилген. Мындан тышкары, сот жабырлануучулардын пайдасына 164 миң 73 сом 82 тыйын өндүрүү чечимин чыгарган.

• Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы 2013-жылдын 13-декабрындагы өкүмү менен Үсөнов, Токторбаев, Сыргабаев жана Ташиевге карата чыгарылган өкүмдөрдү өзгөрткөн. Тактап айтканда, Үсөнов, Токторбаев жана Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү (Массалык баш аламандык) жана 297-беренесинин 1-бөлүмү (Коомду конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө күч менен чакыруу) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга шарттуу кесилген. Сыргабаев 297-беренеси менен акталып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Соттолгондордун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2013-жылдын 13-декабрындагы өкүмдөрүнө байланыштуу Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Адвокат өкүмдөрдү жокко чыгарып, аларды актоону суранган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 24-майындагы токтому менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2013-жылдын 13-декабрындагы Үсөнов, Токторбаев, Сыргабаев жана Ташиевге карата өкүмдөрү орун алган процесстик бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган.

Кылмыш иши Жалал-Абад шаардык сотуна башка курамдагы жаңы сот жараянына жөнөтүлдү.

Кассациялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылды.

• Абсаттар Сыргабаев учурда министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап жатат.

• Шайырбек Ташиев — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, Жалал-Абад шаардык кеңешинин мурунку чакырылыштагы депутаты болгон.

• Медербек Үсөнов сузактык ишкер.

• Жеңишбек Токторбаев Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Дастан-Ж» ЖЧКнын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️