Сот отурумунун күнү белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседа каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүлүп берилди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, шектүү катары ошол эле медресенин окуучусу кармалып, айыбы угузулган. Ал Ноокат райондук соту тарабынан 1 айга, тактап айтканда 7-ноябрга чейин камакка алынган.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 11-ноябрь күнкү процессте алдын ала соттук угуу болду. Жазык иш маңызы боюнча 19-ноябрда каралат.

———————————————-

Буга чейин Turmush басылмасы Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан медреселердин биринде окуп жаткан өспүрүм балдар урушуп, алардын бирине бычак сайылып көз жумганын жазган.

Пример HTML-страницы

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе Гүлистан айылынын тургуну — 2008-жылы туулган М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам Өзгөн районунун Куршаб айылынын 2010-жылы туулган тургуну Ш.Ф.ны учтуу нерсе менен сайып жибергени аныкталган. Анын кесепетинен Ш.Ф. алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

«Өзгөн районунан келген бала медреседе окуган эмес. Аны ата-энеси дем салдырууга 3 күнгө суранып, таштап кеткен экен. Жаракатты да бычактан эмес, кайчыдан алган. Мындай абал эмнеден улам пайда болгонун көргөн эч ким жок. Ошондуктан териштирүү иштери аяктаганга чейин түрдүү пикирлерди жаратпоого чакырабыз», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️