Сот «FlyJump» комплексинин ээсине кандай жаза колдонду?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСот «FlyJump» спорт комплексинин ээсине карата баш коргоо чарасын тандады.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы 2024-жылдын 9-июлунда билдиргендей, Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 2024-жылдын 8-июлундагы токтому менен Н. уулу А.га карата Жазык-процесстик кодексинин 114-беренесинин талаптарынан келип чыккан үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Сот Н. уулу А.нын анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып жатканын, мурда соттолбогондугун, туруктуу жашаган жери бар экенин, анын өздүгү такталганын, тергөө органынан жана тергөө органдарынан жашырынбаганын эске алды. Демек, башка баш коргоо чарасын тандоого мыйзамдуу негиздер болгон эмес, деп түшүндүрдү.

Н. уулу А. Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Байкабастыктан керектөөчүлөргө оор залал келтирүү менен жасалган коркунучту түзүү») каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айып тагылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, анча оор эмес кылмыштарга мыйзамда 5 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар, ошондой эле этиятсыздык менен жасалган кылмыштар 5 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жаза каралган.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине ылайык, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат.

Пример HTML-страницы

Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата төмөнкү жагдайлардын бири болгондо колдонулушу мүмкүн:

1) айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;

2) анын инсандыгы аныкталбаганда;

3) ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;

4) ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 107-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы, сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугун, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларды эске алат.

Аламүдүн районунда аркан менен секирүү учурунда каза тапкан адамдын өлүмү боюнча «FlyJump» спорт комплексинин ээси кармалган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 6-июлда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан «FlyJump» спорт комплексинде аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кеткен. Натыйжада 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран ошол жерден каза болгон.

Бул факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталды.

«Топтолгон материалдардын жана жабырлануучунун жакындарынын арызынын негизинде бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин (керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектелип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1996-жылы туулган жаран Н.А. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.

Чуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда орто жаштагы киши кулап түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, жеринде дарыгерлер кишиге жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок ал алган жаракатынан улам көз жумган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум үй-бүлөсү менен биргеликте аркан менен секирүү үчүн келген. Анын жанында 3 баласы бар болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️