Пример HTML-страницы

Сот депутат Мухиддин Ахмедовду камакта калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты 2023-жылдын 25-мартына чейин камакта калтырылды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Ош шаардык соту 2023-жылдын 16-февралында шектүү А.М.нын бөгөт коюу чарасын тандап, 25-мартка чейин камакта калтырган. Ош облустук сотунун 2023-жылдын 1-мартындагы аныктамасы менен Ош шаардык сотунун токтому өзгөртүүсүз калтырылды.

———————————————-

2023-жылдын 16-февралында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын алдына кармалган жергиликтүү депутаттын жакындары чогулган болчу.

«Мындан эки күн мурда Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутатты Мухиддин Ахмедовду УКМК кармап кеткен. Азыр кирип чыксак турак жайларды мыйзамсыз сатканга аралашкан деген күнөө менен кармадык деп айтып жатышат. Сот чечет деген гана жоопту айтышты. Ал айылдык кеңештин депутаты, төрт жолку чакырылышта тең эл тарабынан шайланган. Аны бошотуп берүү талабы менен турабыз», — деген айылдашы Махаммаджон Махмудов.

Чогулгандар — Араван районунун Тепе-Коргон айылынын тургундары айылдык кеңештин депутаты Мухиддин Ахмедовду бошотууну суранышкан.

Кийинчерээк УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Араван районунда жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталганы маалымдалган. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде №479-а контурунда 47 жер тилке турак жай куруу үчүн бөлүнүп, аларга идентификациялык код берилген. Алардын ичинен 43 жер тилкеге «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван районундагы филиалы жеке менчик укугу тууралуу акттарды мыйзамсыз каттаган.

Бирок №479-а контурундагы жер «Айыл чарба багытындагы жер» категориясында чөп сактоочу жай катары көрсөтүлгөн.

14-февралда Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты — 1980-жылы туулган А.М.Х.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында айыл өкмөттүн жер тилке берүү боюнча токтомдорунун түп нускалары, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акттар, ошондой эле, башка маанилүү документтер табылган.

А.М.Х. 15-февралда кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын абагына киргизилген.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, Ахмедов Мухиддин Хакимович «Ак Алтын Текс» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары көрсөтүлгөн. Компания пахта даярдоо менен иш жүргүзөт. 2020-жылы 9-сентябрда каттоодон өткөн.

  • Мындан тышкары Мухиддин Ахмедов Юстиция министрлигинин базасында «Янги-Йул» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Түзүүчүлөрү — Абдилазизов Абдивали Алижонович, Арзиев Исроилжан Исмоилжанович, Осоров Абдижапар, Азимжанов Хусанбай, Абакулов Азадбек Муйдинжанович, Мадаминов Нурмахамат, Тешабаев Шавкатбек Эркинович, Асилдинов Махамадали Матазимович, Садиков Арибжан, Гуломидинов Низомидин, Жалолов Санжарбек Турсинбаевич, Матрозиев Соминжон Садикович. Кооператив 2021-жылдын 28-майында каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE