Соодагерлер болжол менен 388 млн сом чыгымга учурады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды сел каптаган. Анын кесепетинен соодагерлер миллиондогон чыгымга учурады.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, борбордук базардагы соодагерлердин айрымдары бут кийимдерди, балдардын кийимдерин 50 сомдон 100 сомго чейин арзандатылган баада сатып жатышат.

«Селден кийин буюмдардын көбү баткак болуп калган, айла жоктон ыргытканбыз. Жалпы 60 миң сом чыгымга учурадым. «Мамлекет тараптан 100 миң сом жардам көрсөтүлөт» деп айтылган. Кезекке турганбыз, бирок азырынча келе элек. Ала турчу адамдардын тизмеси түзүлгөн дейт, бирок туура эмес түзүлүп жатат деп айтышууда. Кечээ тизмеде бар болчумун, бүгүн жок болуп калдым. Себебин сурасак, «кайра башынан оңдоп, түзүп жатабыз» дешти», — деди сатуучу Айтмамат Абсатаров.

Базарда бут кийим саткан Нурзат Манасова 300 миң сомдой чыгымга учураганын айтат.

«Орто эсеп менен алганда 300 миң сом чыгымга учурадым. Өзүм бут кийим сатып соода кылам. Анын көпчүлүк бөлүгүн сел агызып, сактап калган товарларымды жууп-тазалап сатып жатам. Бирок ылай суудан алып чыккан буюм жараксыз болуп калат экен. Ошондой болсо да сатыкка коюп, өз баасынан арзан сатып жатам. Мурунку товарларды карызга алганбыз. Селге агып кеткенден кийин жаңы алууга туура келип, дагы карызга алдым. Патенттин негизинде жардамга акча берилет деп айтылган. Бирок бул акча ККМ аппараты барларга гана бериле турганы айтылууда. Базарда көпчүлүгү ККМ колдонбой эле иштеп жатышат. Ошондо саналуу гана соодагерлер алып, көпчүлүк пайызы албай калабы деген суроом бар. Бул жерди мен жаңыдан ачып иштетип жатам. ККМ ала элекмин, ошондо жардам ала албай, карызга батып кетемби? Көпчүлүгүбүздүн карызыбыз, кредитибиз бар. Ошон үчүн селден жабыр тарткан соодагерлердин баарына эле берилиши керек деп эсептейм», — деди ал.

Айрым сатуучулар ККМ аппарат колдонбогондуктан өкмөт тарабынан берилүүчү жардамдан куру жалак калуу коркунучу бар экенин айтышууда.

Пример HTML-страницы

«Мен селден 50-60 миң сомго чейин чыгымга туш болдум. Суу кирип кеткен товарлардын керектүүсүн алып калдык, жараксыздарын ыргытып жатабыз. Жардам боюнча кечээ бир тизме алып келген болчу. Ал туура эмес болуп калып, бүгүн башка түзүп келишти. Бирок кечээги тизмеде мен бар болчумун. Бүгүн жок болуп калдым. «Дагы жаңылап алып келебиз» дейт, мүмкүн тизмеге кирип калабыз. Бирок мен өтө деле үмүттөнбөй эле турам», — деди соодагер Равшанбек Фимухаммедов.

Дагы бир соодагер Гүлзат Султанованын айтымында, 400 миң сомдук товарын сел агызып кеткен.

«Буюмдарыбыз агып кеткен, бир дагы таза буюмубуз жок. Орто эсеп менен эсептегенде 400 миң сомдук товарым агып кетти. Тизмеден кечээ чыккан болчумун, эми бүгүн жок деп чыгып жатат. «Силер тизмеде жок экенсиңер, тизмеде барларга гана берилет» деп кетишти», — деди соодагер.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.

Ал эми Ош мэриясынын маалыматына караганда, селден 1000ден ашык адам жабыр тартты.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.

Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.

Учурда Ош шаардык мэриясы Б.Осмонов көчөсүндө («Мегаполис» соода комплексинин тушунда) муниципалдык базар куруу боюнча иштерди аткарып жатат.

—————————————————————

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

Селдин кеспетинен 6 адам каза болгону болгон. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кеткен. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барды. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️