Соода-сатыктын борбору Гуанчжоу шаарында эмгектенген Аяна Абышева менен маек

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну Аяна Абышева. Учурда ал үй-бүлөсү менен Кытайдын Гуанчжоу шаарында эмгектенип жатканын айтып берди.

«Мен 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын дүйнөлүк экономика факультетин бүтүргөм. Турмуш жолуна аттанып, өзүмдүн чакан мамлекетимди курдук. Жолдошум экөөбүз Кытай менен бизнес баштоону кыялданып жүрдүк. Жумушка киришкенде алдамчылык менен алек болгон адамга туш болуп калдык. Тааныш эле адам болчу, Бишкектеги бизнестин баарын алып, качып кеткен. Жолдошум экөөбүз депрессияга түшүп кетпөөнүн айласын издеп жүрдүк. Кийинчерээк Кытайга көчүп кеткенге мүмкүнчүлүктөр түзүлүп кетти. Азыркы тапта Гуанчжоу шаарында жашайбыз. Дүң жана чекене товарларды жөнөткөн байерлик менен алекмин. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул шаар соода-сатыктын борбору. Бизнес жана соода менен алек болгон көптөгөн адамдар ушул калаага келишет. Алардын катарын биз да толуктап калдык», — деди ал.

Каарманыбыз Кытай жана андагы жашоо тууралуу кеп кылды.

«Гуанчжоу шаары абдан кооз, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жергиликтүү тургундары кичи пейил, сылык сыпаа келишет. Антсе да алардын жүрүм-туруму, күнүмдүк жашоосу биздикинен бир топ айырмалангандыктан жакшы көнүшө элекпиз.

Аба ырайы өтө нымдуу, ысык, ным, нөшөрлөгөн жаан. Алгач келгенде абдан кыйналып жүрдүк, азыр эми көнүп калдык.

Пример HTML-страницы

Экономикасы абдан өнүккөн, болгон шарттар түзүлгөн, логистика жагынан бардык шарттар бар. Менимче, Кытайдын экономикасы күн санап өнүгүүдө. Жашоо шарттары абдан жакшы, мобилдүү, баары санариптешкен.

Мени таң калтырган нерселер көп болду. 19 миллиондук калкы бар шаардын инфраструктурасы абдан ыңгайлуу. Калаанын тазалыгы, көп жолдуу метролор, жеген тамактары, өзгөчө балык базарына барып, биз көрбөгөн нерселерди жегенин билдик.

Анан кытайлар каалагандай кийинип, каалагандай жүрүшөт экен. Эч ким карап, сөз кылбайт. Эң башкысы бул элдин коопсуздугу, түнү дагы коркпой жалгыз жүрөсүң, ар бир кесилиште көзөмөл камералары бар. Эли көп болсо дагы уурулук жок, бирөөнүкүнө эч ким тийбейт.

Баарынан да кызыгы бул биздин тил билбей жүрүп, бизнес кылганыбыз. Бош убакытта балдарыбыз менен эле алекпиз, кызыктуу жердерге алып барып, көрсөткөнгө аркет кылабыз. Балдарыбыз жаңы жана кызыктуу жерлерди көрсүн деп алып барабыз.

Келечекте Кытайдан көрүп кеткен нерселерди Кыргызстаныбызга киргизип, өздөрүштөргөнгө аракет кылабыз. Алгачкы максатыбыз балдарыбызга окуу шартын түзүп, мыкты билим берүү», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️