Сокулуктун тургуну Абдил-Ахат аскерден келе жатып, Москвадан атасынын сүрөтүн көрүп сүйүнгөн

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын тургуну Абдил-Ахат Курбан уулу 1975-жылы аскерден келе жатып, Москвадагы СССРдин ВДНХсынын бакчылык павильонунда илинип турган атасынын сүрөтүн көрүп, абдан сүйүнгөн. Каарманыбыз бул сүрөттүн тарыхын айтып берди.

«Сокулук райондук гезитинин редакциясында мени менен бир бөлмөдө отуруп иштеген кесиптешим — акын жана журналист Убайдакан Кайдулатова менден «Алма тердик, жүзүм тердик бай колхоздун багынан, деген ыр бар эле, эсиңдеби?» деп сурап калды. Эсте болбой, анан. Менин атам Ханкелди уулу Курбан көп жыл Манас атындагы колхоздун Жаңы-Шаар кыштагынын Жол-Терек тарабындагы жемиш багында багбан болуп иштеген. Атамдын мөмөлөрүн көтөрө албай, шактары жерге ийилип турган алма дарактын жанында түшкөн бир сүрөтү СССРдин ВДНХсынын бакчылык павильонунда да турган. Долоно кыштагы тарапта биздин кыштакка караштуу дагы бир жемиш багы болгон. Анда Додарбек Кыргызбаев деген аяш атам багбан болуп иштечү.

Менин буларга токтолуп отурганым, биз окуучу кезде алма, өрүк бышкан учурда мугалимдер окуучуларды ал бакка алып барып, өрүк, алма тердиришчү. Менин кээ бир классташтарым жогорудагы ырдын айрым сөздөрүн өзгөртүп, мага тийише «Алма тердик, өрүк тердик Курбан ата багынан» деп айтышчу. Мындан улам «Алма тердик» деген ыр менин эсимде катуу сакталып калган», — деди ал.

Анын атасынын сүрөтүн 1973-жылы Дмитрий Мельников аттуу фотограф тартып алган.

«Бул сүрөткө атам Тажикстандын Жерге-Тал районундагы бакчадан түшкөн. Ал 29 жыл «Жаӊы-Шаар» колхозунун бригадири болуп иштеди. Ал эми ушул сүрөт тартылган маалда колхоздун аталышы «Манас» болчу. Мен Германияга барып, аскердик милдетимди аткарып келе жатканда, агам: «Москвада атамдын сүрөтү илинип турат дешти. Ошол чын бекен, көрө келчи» деди. Мен Москвадан түшүп калып, айтылган дарек боюнча барып, атамдын сүрөтүн көрүп абдан сүйүнгөм. Ал кезде атам 75 жашта болчу.

Пример HTML-страницы

Атамдын биринчи үй-бүлөсү 1930-жылдардагы жаман ооруга туш болуп, кырылып калышкан экен. Анан биздин апабыз менен баш кошкон. Андан 4 уул, 4 кызы бар. Мен алтынчысымын. Учурда Сокулук райондук гезитте редактордун орун басары болуп иштеп келем», — деди ал.

Сүрөттөнү Курбан ата 1900-жылы төрөлүп, 1989-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️