Пример HTML-страницы

Сокулуктун мугалими Наристе Алышбекова «Жыл мугалими-2024» сынагынын республикалык туруна даярданып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНаристе Алышбекова Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы Рабком Кулданов атындагы орто мектебинде математика жана информатика сабактарынан мугалим болуп иштеп келет. Ал «Жыл мугалими-2024» сынагынын райондук, облустук этаптарында алдыңкы орундарды багындырып, эми республикалык сынакка даярданып жатат. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Наристе Алышбекова 1994-жылы 21-декабрда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төш-Булак айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы — Алышбек Маматов, апасы — Калиман Саадакова. Беш бир туугандын эң кичүүсү, 3 эжеси жана 1 агасы бар.

«Атымды Наристе деп атам койгон. Себеби, ата-энеме аябай жаккан экен. Көкүрөк күчүгүбүз деп ушул атты коюшуптур. Азыркы учурда үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Азамат экөөбүз Акбермет, Аруузат жана Назбийке аттуу кыздарды өстүрүп келебиз. 3 кызым тең мектепте окушат. Жолдошум менен 2010-жылы таанышкам. Төрт жыл сүйлөшүп жүрүп, 2014-жылы үйлөнгөнбүз.

2001-жылы Сокулуктун Төш-Булак айылындагы Рабком Кулданов атындагы орто мектебине 1-класска кирип, 2010-жылы 9-классты ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Маалыматтык-экономикалык лицейине тапшырып, аны 2012-жылы кызыл аттестат менен аяктадым. Андан тышкары IT оператор деген сертификаттын ээси болдум. 2012-жылы ушул эле университеттин Математика, информатика жана кибернетика факультетине тапшырып, аны 2016-жылы аяктадым. 2021-жылы ушул эле университеттин педагогика факультетинин магистратура бөлүмүн бүтүргөм. 2018-жылы өзүм аяктаган мектепке математика жана информатика сабактарынан мугалим болуп кирип, азыркы убакытка чейин эмгектенип келе жатам. Айтмакчы, Рабком Кулданов чоң атамдын бир тууганы. Демек ал киши дагы бизге чоң ата. Ушул чоң атамдын ысымы берилген мектепте иштеп, элге кызмат кылып жатканыма абдан сыймыктанам», — деди ал.

Каарманыбыз бала кезден кыялданган кесибинин өзгөчөлүктөрүн, эмгек жолундагы жетишкен ийгиликтерин айтып берди.

«Мектепте окуп жүргөн кезде эле мугалимдик кесипке кызыкчу элем. Мугалимдик кесип ары ардактуу, ары түйшүктүү, ары татаал кесип. «Биз кандай болсок, балдарыбыз ошондой болот” деп Дороти Монте айткандай, мугалим — бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Анын жетишкендиги кайсы бир мезгилди оңдогондой болсо, кемчилиги кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого болгон көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мугалимдин эмгегинен көз каранды. Ошондуктан мугалимдин адамзат турмушундагы орду эбегейсиз. Баланын турмушка даяр болушунда ата-энеден кийинки эле орунда мугалим турары белгилүү. Мугалимдик кесип — дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу кесип. Андыктан мугалимди мамлекеттин, андагы социалдык жана маданий абалдын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары караса болот. Аракет кылып отуруп, мыкты мугалим болууга болот. Мугалимдик кесиптин татаалдыгы мына ушул чыныгы мугалим болуу үчүн жасаган аракетинде. Жашоого жаңы келген окуучунун адептик аң-сезиминин өнүгүүсү, рухий дүйнөсүнүн тазалыгы, көз карашынын туура калыптанышы мектеп мугалимдеринин аң-сезимдүүлүгүнөн, көз карашынан, ойчулдугунан, педагогикалык чеберчилигинен көз каранды. Педагогдордун дүйнө таанымы, билиминин потенциалы, оптимизми — бул тарбиялаган окуучуларынын эле эмес, мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт. Мугалимдин эң мыкты деңгээлде өсүп-өнүгүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Ал эми сапаттуу билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Чындыгында мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим бербестен, жалпы мамлекетке же улутка таасир этет. Ал эми сапаттуу билим берүү өзүн ар тараптуу өнүктүргөн кесипкөй мугалимдин аракети менен гана ишке ашат. Кыргыз калкында, ар кайсы мезгилде өз талаптарына ылайык идеалдуу, заманбап мугалимдин бейнесин түзүп келишкен. Биз дагы азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жана жемиштүү мугалимдин бейнесин түзгөнгө аракеттенишибиз керек.

Ушул мугалимдик кесипти аркалап келе жатып, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлангам. Андан кийин ушул жылы “Жыл мугалими-2024” сынагынын 2-турунда 2-даражадагы диплом менен сыйландым. Ал эми Чүй облусу боюнча 1-орунду багындырдым», — деди ал.

Ардактуу мугалим окуткан окуучулары кесиптеш болуп иштеп калганын, алгачкы жумуш күндөрүн жана келечектеги максаттарын айтып берди.

«Мен окуткан окуучулар азыркы убакта өзүм менен кесиптеш болуп жүрүшүүдө. Эмгек жолумдагы эң кызыктуу, эстен кеткис учур — жаңы мектепке мугалим болуп келгенде, экиге окуган окуучулардай эле болуп, эч нерсеге түшүнбөй, кесиптештеримен сурай берчүмүн. Жашоомдогу эң бактылуу көз ирмем болуп, өзүмдүн кесибимди даңазалаганым болуп саналат. Өзүмдүн, мектебимдин атын чыгарганым деп ойлойм.

Бош убактымда музыка укканды, кызыктуу китептерди окуганды, керектүү маалыматтарды издөөнү жакшы көрөм. Келечектеги максатым — мындан да көп ийгиликтерге жетүү», — деди Наристе айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE