Сокулуктун Кызыл-Туу айылында 7 гектар эгин талаа өрттөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунун Кызыл-Туу айылында эгин талаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын кесепетинен болжол менен 7 гектар жердеги чабыла элек арпа жана 3 гектар жердеги чабылган арпанын орду күйүп кетти.

Кайыңды шаарында болжол менен 2 гектар жердеги чабыла элек буудай өрттөндү.

Аламүдүн районунун Луговое айылынын Ак-Жол өткөрмө постунун жанында ачык аянтта 2,5 гектар жердеги куураган чөп күйгөн.

Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында 80 түк чөп өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️