Сокулуктун Гавриловка айылындагы трансформатор адамдардын колу жете турган абалга кептелди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун алдынан өткөн суу түтүктүн абалы жергиликтүүлөрдү нааразы кылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, суу түтүктүн үстүнө, тротуарга курулуш таштандысын төгүп салышкан.

«Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун четиндеги тротуарлар, жол алдынан өткөн суу түтүктөр менен кошо жасалган. Бирок бизди санаага сала турган көрүнүш бар. Анда суу түтүктүн үстүнө, тротуарга курулуш таштандыларды төгүп, жаап салышкан. Анын кесепетинен трансформаторго кол жете тургандай абалда болуп калган. Ал жер чоң жолдун Южная көчөсү менен кесилишкен тарабы. Жаш балдарга кооптуу. Муну көзөмөлдөгөн киши барбы?» — деди тургундар.

Ал эми бул тууралуу жергиликтүү бийлик азырынча комментарий бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️