Сокулуктун борборундагы жер алдынан өтүүчү өтмөктүн чырактарын талкалап кетишти. Видео.

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылындагы, Бишкек—Кара-Балта унаа жолундагы жер алдынан өткөн өтмөк жолдун жарык берүүчү чырактарын белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Мирбек Маниясов билдирди.

Анын айтымында, өтмөктү Кара-Балта—Бишкек жолун салып жаткан кытай ишканасы курган.

«Азыр бул жерди кытайлар тейлеп, көзөмөлдөшөт. Өткөндө эле ишембилик кылып, тазалашкан. Анткени жасалган жолду өткөрүп берише элек. Ошондон кийин гана жергиликтүү бийлик бул жол алдынан өткөн өтмөккө жооптуу болуп калат.

Бүгүн, 13-февраль күнү ичиндеги жарык берүүчү чырактарды талкалап, жулуп кетишкенин көрдүк. Ичи караӊгы болуп калыптыр», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️