Пример HTML-страницы

Сокулуктун Ак-Ордо конушунда уурулук көбөйдү. Анын себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо конушунда уурулук күч алганын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Жашоочулар уурулуктун алдын алуу үчүн социалдык тармактарга кулактандырууларды байма-бай жарыялап келишет.

Жергиликтүү милиция кызматкерлеринин айтымында, Ак-Ордо конушундагы уурулуктун саны жашоочулардын санынын көптүгүнө байланыштуу.

«Башка аймактарда деле уурулук боюнча фактылар катталып келет. Бизде деле ошол көрүнүш. Бирок, кишинин саны канчалык көп жана калк жыш жайгашкан сайын кылмыштуулуктун саны дагы көбөйөт экен. Мисалы, ушул бир эле Новопавловка айыл аймагында катталган кылмыштын саны кээ бир облустагы кылмыштын саны менен барабар болуп калат. «Эмнеге?» дегенде, жогоруда айткандай эл көп», — деди алар.

Новопавловка айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, айыл аймакта болжол менен 120 миӊден ашуун киши (каттоого турбагандарды кошкондо) жашайт.

Чүй ОИИББ басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ак-Ордо жаңы конушунда 2023-жылдын 1-январынан баштап 25 майына чейин жалпы 48 уурулук фактысы катталып, анын ичинен 18 кылмыштын бети ачылган.

«Батир уурулук — 28, чөнтөк уурулук — 8, автоуурулук — 12 факт катталган. Бүгүнкү күндө Ак-Ордо жаӊы конушунда уурулуктун алдын алуу, болтурбоо жана бетин ачуу максатында тиешелүү иштер жүрүүдө. Мындан сырткары аймакта жыл башынан бери «Уурулук» аталыштагы рейд 4 жолу өткөн.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Ак-Ордо жаӊы конушунун жашоолчуларына өз буюмдарына сак болуу жана кароосуз калтырбоо керектиги эскертилип келет. Ыкчам өкүлдөр жана аймактык тескөөчүлөр аймактын көчө башчылары менен биргеликте уурулукка жол бербөө үчүн ар кандай иш-чараларды уюштурууда» — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE