Пример HTML-страницы

Сокулуктук мугалим Дамира Абиева «Жыл мугалими-2024» сынагынын райондук турунда 3-орунду ээлди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу К.Шопоков атындагы №3 орто мектебинин мугалими Дамира Абиева «Жыл мугалими-2024» сынагынын райондук турунда 3-орунду алды. Аймактык кабарчы ардактуу мугалим менен таанышып, анын ийгиликтерин, басып өткөн жолун, иш үстүндөгү кызыктуу окуяларынан сурады.

Каарманыбыз Дамира Абиева 1979-жылы 27-сентябрда Жумгал районуна караштуу Чаек айылында жарыкка келген. 1996-жылы Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектебин аяктаган. 2001-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин орус филология факультетин бүтүргөн. Ата-энеси өмүр бою мамлекеттик жумушта эмгектенишкен. Беш бир тууган, жалгыз бой эне, 4 баласы бар, 3 кыз, 1 уул.

Дамира айым эмгек жолун 1996-жылы №27 лицейинен баштаган.

«Андан соң балалуу болуп, декретте жүрдүм. Эс алуудан кийин Сокулук районундагы К.Шопоков атындагы №3 мектебинде эмгектенип калдым. 2012-жылы жеке мектебине да жумушка кирип, эки мектепте иштедим. Андан кийин жеке мектебине толук өтүп, жалпы 10 жыл эмгектендим. 2020-жылы К.Шопоков атындагы №3 мектебине чакырылып, азыркы учурда кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенип жүрөм.

Мугалимдик кесип — кесиптердин төрөсү. Адам баласынын жан дүйнөсү менен байланышып, туура жакка багыттап турат. Келечек муунга жол көрсөтүп, мекенге салым кошобуз деп эсептейм. Ошол себептен ушул кесипти тандап алгам.

Үзүрлүү, талыкпаган эмгегимдин арты менен келечектин балдарын тарбиялап жетиштим. Андан тышкары мектеп, район ичиндеги сынактарга катышып жүрөм. «Жылдын мыкты мугалими-2024» сынагында 3-орунду алдым. 2023-жылы «Сары-Өзөндүн ардактуу айымы» медалы менен сыйлангам», — деди ал.

Ардактуу мугалим окуткан окуучуларынын жетишкен ийгиликтери, алардын боорду эзген кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Менин окуучуларымдын тандаган кесиптери, ийгиликтери — мен үчүн сыймык. Алардын арасында чет мамлекетте иштеп жүргөндөрү да бар. Мисалы, бир окуучум Япония мамлекетинде өзүнүн кесиби менен иштеп жүрөт. Ошондой эле мугалим, дарыгер, куткаруучу, инженер жана башка кесиптерди аркалап жүргөндөр бар.

Окуучуларым менен эсте калган кызыктуу окуялар көп эле. Анын бирин айтып берейин. Коронавирус маалында жалпы мектептер онлайн окууга өттүк. Ал мезгилде коркуу сезим менен жашап жүрдүк. Ошол эле учурда, онлайн сабак учурунда күлкүлүү дагы окуяларга туш болуп жаттык. Бир күнү бир окуучума микрофон сунсам, окуучум менен кошо жарышып, корозу кыйкырып туруп алды. Бир канча убакытка чейин сабагыбызга чоң тоскоол жараткан. Ошол онлайн учурунда кээ бир ата-энелер сабакка балдары менен кошо катышты. Бирок сабыры түгөнүп, туйлай баштагандарын көрүп, аргасыз жылмайганбыз.

Бош убактымды колдон келсе апама арнайм. Апам, балдарым болуп дасторкондо чай ичип отурганды жакшы көрөм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE