Сокулуктагы жыйында Раздольный айылынын паркында болгон зордуктоо окуясы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Чүй облусунун Сокулук районунун тургундарынын жолугушуусу болуп өттү.

Муну менен катар иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов, Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов, Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов, мекеме-түзүмдүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Анда Манас айыл аймагынын тургуну [административдик-аймактык реформанын алкагында бул айыл аймагы Атбашы (№177 контурдан башкасы) жана Фрунзе айыл аймактарын бириктирүүдөн пайда болгон. Манас айылы административдик борбор болуп калган] 2024-жылдын 1-июнунда Комсомольское (мурдагы Раздольное) айылында болгон окуялар тууралуу айтып берди.

«1-ююнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү Раздольный айылынын паркында болгон окуяны уксаңыздар керек. Бул окуяны баары билет. Мен Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Бек Байысбековдун үстүнөн арызданганы келдим. Ошол күнү ошол жерде ишенбилик өткөрүп, чөптөрдү ордурган. Балдар ойноп жаткан жерге милиция кызматкерлерин, кароолчуларды коюп койсо, ошондой жаман окуя болмок эмес.

Мен 16-июнда акимге чейин кирип айткам. Аким (Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов) макул болуп, мен аны менен сүйлөшөм деген. Бирок айыл өкмөт башчысы 16-июндан бери мага бир да жолу басып келген жок. Же медайымды жиберип койгон жок. Окуяны видеого тартып, интернетке тараткан аялды дагы таап бербеди. Ал ошол жерде балдар ойной турчу батутту иштетет экен. Ооруканага барып, “эч ким укпасын, эч ким билбесин, мен өзүм жайгарам” деген.

Пример HTML-страницы

Мен Сокулук райондук милициясына ыраазымын. Кайсыл убакта, качан келсем да мени жакшы кабыл алышат. Эмне себептен ушул бир айыл өкмөт башчы гана кабыл ала албайт? Жумуштан алынсын. Силер укпасаңар, силерден өйдө жакка чейин кайрылып барганга укугум бар», — деди ал.

Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Байысбек уулу Бекбий билдиргендей, Раздольное айылынын сейил багы Бишкек-Манас аэропорту «Манас» эл аралык аэропортунун жолунун жээгинде жайгашкан.

«Ал жерде жума сайын ишембилик өтүп жатат. Анткени ал эл аралык жол. Эже “ошол окуяны видеого тартып жаткан кишилерди таап бергиле” деп, талап кылып жатат. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок экен, ким тартканын биз аныктай алган жокпуз. Ал жерде көп киши болгон. Жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом бөлүп бергенбиз», — деди ал.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кылмышка шектүү кармалганын жана иш сотко өткөнүн билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы 2024-жылдын 1-июнунда Сокулук районундагы айылдардын биринин паркында кыз зордуктоого шектелген адам кармалганын жазган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга айылда зордуктоо болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Сокулук РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 1-июнда айылдын паркында О.А. аттуу кыз зордукталганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары Т.Ю. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️